Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-апрели №1
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ФАПтарды Ноокат райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ФАПтарды Ноокат райондук үйбүлөлүк медицина борборунун карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021- жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ФАПтарды Ноокат райондук үйбүлөлүк медицина борборунун карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |