Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-апрели №2
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга калган калдык бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга калган калдык бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренсине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга калган калдык бюджети 20 533,7 сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2025-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздары 2026-жылдын эсебинен жүргүзүлсүн. 3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |