Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-апрели №3
Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди участкасына 16 км канал куруу үчүн 24,16 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди участкасына 16 км канал куруу үчүн №146- 0,74 га (таштуу жайыт), №250-0,19 га (ыңайсыз жер), №249-0,06 га (чопо), №220, 221, 230, 231-5,20 га (жайыт), №247-0,40 га (жайыт), №232, 233, 236, 241, 243, 244, 247-2,94 га (жайыт), №237, 238, 239, 340, 341, 366, 367, 372, 380, 384, 385-1,14 га (жайыт), №372-0,24 га (жайыт), №132-1,24 га (таштуу жайыт), №240-0,05 га (жол), №374-0,65 га (шагыл), №372- 1,27 га (жайыт), №237-3,47 га (жайыт), №125-0,03 га (кургак сай), №126-0,16 га (таштуу жайыт), №48,49,50,51,193,194,95,286,287-4,88 га (таштуу жайыт), №381-0,26 га (ыңайсыз жер), №45,46,47,195,203-0,07 га (кургак сай), №44,52,53,54,191,192,202-1,09 га (таштуу жайыт), №33,55-0,08 га (кургак сай) контурларынан жалпысы 24,16 га жайыт жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу №149 “Жер Кодексинин” 21-беренесине ылайык, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди участкасына 16 км канал куруу үчүн 24,16 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |