Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-апрели №1
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө экскаватор автоунаасын алууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан экскаватор автоунаасын лизинг аркылуу алууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78- беренесине ылайык Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө экскаватор автоунаасын лизинг аркылуу алууга макулдук берилсин.
2. Экскаватор автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |