Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-майы №1
Т.Кулатов айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер Кодексинин 76-беренесинин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык жана айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып жана талкуулап, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагындагы юридикалык жактарга жана ишкердик жүргүзгөн тараптардын иштегендердин санына карата таштанды жыйымы бир жылга (ар бир иштеген кишиге) 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Т.Кулатов айыл аймагындагы жеке жактардан алынуучу таштанды жыйымы бир жылга (ар бир жан башка) 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Таштанды жыйымын жыйноону 2026-жылдын 1-апрелине аяктоо Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |