Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-майы №2
Т.Кулатов айыл аймагынын Келдибек Колдошов атындагы орто мектебинин айланасындагы туяларды кыйууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Келдибек Колдошов атындагы орто мектебинин жаңы имараты курулуп жаткандыгына байланыштуу, мектептин айланасындагы 71 (жетимиш бир) түп туяларды кыйдырууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Келдибек Колдошов атындагы орто мектебинин айланасындагы 71 (жетимиш бир) түп туяларды кыйууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |