КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 1/22-96
“Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан суткалык жөнгө салуучу бассейндерди (СЖБ) Кемин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү” жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган «Шабдан» жана «Истам» суткалык жөнгө салуучу бассейндерин (СЖБ) Кемин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү маселесин талкуулап, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги төмөнкү суткалык жөнгө салуучу бассейндер (СЖБ) белгиленген тартипте Кемин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин:
· № 264 контурда жайгашкан, аянты 3,2 гектарды түзгөн «Шабдан» суткалык жөнгө салуучу бассейни;
· № 169 контурда жайгашкан, аянты 3,4 гектарды түзгөн «Истам» суткалык жөнгө салуучу бассейни.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы аталган суткалык жөнгө салуучу бассейндерди өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоо, кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү жана мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүп берүү иштерин уюштурсун.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Карамырзаев А.Т. |