КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 1/22-94
“Муниципалдык жер тилкесинен, демөөрчүлөр тарабынан муниципалдык жер там салып берүү тууралу маселесин кароо”
Буга чейин, 2026-жылдын 29-июнунда Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин №1/20-83 токтому менен Кызыл-Октябрь айылынын каза болгон тургуну Дыйканов Адилеттин жесири жана беш (5) баласы үчүн демөөрчүлөр тарабынан 0,7 гектар жер тилкесине турак жай куруу маселеси каралган. Учурда эки батирлүү үй үчүн жерди 0,15 гектарга кеңейтүү сунушталууда жана талкуудан кийин Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер комиссиясына маркум А. Дыйканов менен З. Кочкорбаевдин 0,15 гектар аянттагы жер тилкесинде (гараж) муниципалдык менчиктеги дөөмчүлөр тарабынан эки батирлүү турак жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү боюнча мурда каралган маселеси карап чыгышсын.
2. Кемин архитектура тарабынан гараждын участкасынан 0,15га муниципалдык жер там салгана максатын өзгөртүп берүү тууралу маселесин карап берүүсүн суранат.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Карамырзаев А.Т. |