Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 673 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын бюджеттик
системасынын бюджеттеринин кассалык
планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин (мындан ары – бюджеттик системанын бюджеттери) кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Кассалык пландоонун негизги максаты мамлекеттик акча каражаттарын пайдалануу жана потенциалдуу кассалык айырмаларды жабуу боюнча өз убагында чараларды көрүү максатында аларды аныктоо үчүн актуалдуу кассалык планды түзүү болуп саналат.
2. Кассалык планды түзүү
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүмдөр бюджеттик маалыматтардан алынган түшүүлөр боюнча такталган пландарды жана чыгашалар боюнча пландарды пайдалануу менен келерки айга кассалык планды түзөт.
4. Бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча планды түзүү келерки айга тиешелүү бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен биргеликте кирешелердин классификациясына ылайык бардык булактар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм тарабынан аткарылат.
5. Бюджеттик системанын бюджеттеринин чыгашалары боюнча планды түзүү бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр) жана ведомстволук классификациянын тиешелүү коддору боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылат.
Республикалык бюджеттен каржылоону жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелерди башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) болуп саналган бюджеттик каражаттарды алуучулар чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча каржылоого болгон айлык керектөөнү (өтүнмөлөрдү) тиешелүү негиздемелери жана түшүндүрмөлөрү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
6. Бюджеттик каражаттар боюнча аткаруунун кассалык планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик жылдын башына бюджеттик системанын бюджеттеринин бюджеттик каражаттарынын калдыгын, ошондой эле келерки айдын башына каражаттардын калдыгын;
- республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча келерки айга планды;
- бюджеттик милдеттенмелерди аткарууга байланышкан бюджеттик системанын бюджеттеринин чыгашалары боюнча келерки айга планды.
7. Кассалык планды түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүмдөр бюджеттик маалыматтарга, бюджеттик системанын бюджеттеринин жалпы чыгашаларында алардын үлүштөрүнө ылайык бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, тескөөчүлөр боюнча чыгашалардын жалпы суммаларын бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгашалардын жалпы суммасын бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, тескөөчүлөр боюнча бөлүштүрүүдө алардын жеке эсептеринде пайдаланылбаган каражаттардын калдыктарынын бар экендигин эсепке алат.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм кассалык планды түзүүдө потенциалдуу кассалык айырмалардын өлчөмүн (б.а. төлөмдөрдүн болгон ресурстардан ашып кетүүсүн) аныктайт.
9. Каралуучу мезгилдин аягына республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыгы республикалык бюджеттин ресурстарынын пландалган түшүүлөрүнө жана чыгашаларына жараша терс мааниге ээ болушу мүмкүн.
Республикалык бюджеттин милдеттенмелерин аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсепке жайгаштырылган каражаттардын бош калдыктарын бюджеттик мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда пайдаланууга укуктуу.
Бюджеттик жыл аяктагандан кийин республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыгы оң мааниге ээ болууга тийиш.
10. Бюджеттик комиссиянын курамы жана анын ишинин тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Бюджеттик комиссия келерки айга кассалык пландын долбоорун бекитет, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө укуктуу.
Жергиликтүү бюджеттин кассалык планынын долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу жагы менен макулдашуу боюнча аймактык башкармалыктардын начальниктери тарабынан бекитилет.
11. Бекитилген жана макулдашылган кассалык планга зарыл болгон учурда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Такталган кассалык план ушул Жободо белгиленген тартипте түзүлөт жана тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендигине жараша бекитилет.
3. Кассалык планды аткаруу
12. Бекитилген кассалык пландын чыгаша бөлүгүн аткаруу бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, тескөөчүлөр жана алуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.