КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 672
2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу
2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету маалыматка алынсын.
2. 2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетсин;
2) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткарууда бузууларга жана кемчиликтерге жол берген жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткарбаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын;
3) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткаруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын иштеп чыксын, бекитсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, 2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
5) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | 2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштары | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу мамлекеттик органдар |
1 | ФМ: |
|
|
|
- жазма буйруктардын жана сунуштамалардын өз убагында аткарылышын контролдоону күчөтсүн, алардын толук аткарылышын камсыз кылсын: - 2025-жылдын 29-августундагы № 01-20/73 жазма буйруктарды, анын ичинде жарым-жартылай аткарылган 1, 2, 9 жана 11-пункттарды, аткарылбаган 10, 13, 15, 16, 17, 18 жана 19-пункттарды аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн; - 2025-жылдын 29-августундагы № 01-20/71 сунуштамалардын, анын ичинде аткарылбаган 5, 30, 43, 45, 50, 57, 58, 59-пункттардын аткарылышын жана жарым-жартылай аткарылган 28-пункттун аткарылышын камсыз кылсын; - 2025-жылдын 29-августундагы № 01-20/12 сунуштамаларды (КПҮ), анын ичинде аткарылбаган 6 жана 7-пункттарды аткарууну камсыз кылсын; - бюджетке кайтарылууга тийиш болгон жалпы 3730658,9 миң сом, 2022-жылдагы аудиттин жыйынтыктары боюнча 62136,9 миң сом жана 2024-жылдагы аудиттин жыйынтыктары боюнча 3668522,0 миң сом суммасындагы каражаттарды толугу менен калыбына келтирүүгө чараларды көрсүн; - аудиттин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктарды жана сунуштамаларды талаптагыдай эмес аткарган жана өз убагында аткарбаган кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин күчөтсүн, алардын аткаруу мөөнөттөрүн жана тартибин бузууга жол берген адамдарга карата тартиптик жаза чарасын көрсүн | Өткөн жылдардагы аудиттердин натыйжалары боюнча жазма буйруктардын жана сунуштамалардын аткарылышын камсыз кылуу | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ, министрликтер жана ведомстволор | |
2 | ФМ: |
|
|
|
- КР БК тарабынан белгиленген Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун бекитүү мөөнөттөрүн бузууга жол бербөөгө чараларды көрсүн, аны Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана тиешелүү мезгилдерге "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн ФМге өз убагында берүүнү камсыз кылсын; | КР БК тарабынан белгиленген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун бекитүү мөөнөттөрүн бузууга жол бербөөгө чараларды көрүү; | Туруктуу негизде | ФМ | |
ЭКМ: |
|
|
| |
- 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун өз убагында берилбешине жол берген ЭКМдин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын, бул 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун даярдоо мөөнөттөрүнүн бузулушуна алып келди жана "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоого таасирин тийгизди | 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун өз убагында бербегендиги үчүн ЭКМдин кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2026-жылдын IV кварталы | ЭКМ | |
3 | ФМ: |
|
|
|
- КР УБ менен биргеликте инфляциялык басымды төмөндөтүү максатында акча-кредиттик жана фискалдык саясатты координациялоону камсыз кылсын. Эсептик ставка башка чаралар менен бирге акча-кредиттик жөнгө салуунун негизги инструменти катары колдонулсун. Инфляциянын 5-7% максаттуу диапазондун чегине жетишин камсыз кылсын; - төмөнкүлөргө чара көрсүн: | инфляциялык басымды төмөндөтүү максатында акча-кредиттик жана фискалдык саясатты КР УБ менен биргеликте координациялоону камсыз кылуу; | Туруктуу негизде | ФМ КР УБ | |
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорунун сапатын жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн пландоонун аныктыгын жогорулатууга багытталган макроэкономикалык болжолдоо системасын өркүндөтүүгө; | республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн пландоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган болжолдуу методдорду өркүндөтүү; | 2027-жылдын IV кварталы | ЭКМ ФМ | |
- ата мекендик продукцияны диверсификациялоону жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле экономиканын импортко көз карандылыгынын деңгээлин төмөндөтүүнү караган тышкы соода балансынын абалын жакшыртууга. Эл аралык сертификаттоонун жана санитардык ченемдердин талаптарын эске алуу менен текстиль жана айыл чарба продукциясы менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн активдүү иштеп чыгуу | эл аралык сертификаттардын жана санитардык ченемдердин талаптарын эске алуу менен текстиль жана айыл чарба продукциясын Жакынкы Чыгыш рынокторуна чыгаруу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу | 2027-жылдын IV кварталы | ЭМ | |
4 | ФМ: |
|
|
|
- бюджеттик пландоонун сапатын жогорулатууга жана республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн реалдуулугун камсыз кылууга карата чараларды көрсүн; | бюджеттик пландоонун сапатын жогорулатууга карата чараларды көрүү; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- бюджеттик мыйзамдардын талаптарына ылайык чыгашалардын корголгон беренелерин толук жана өз убагында каржылоону камсыз кылсын; | бюджеттик мыйзамдардын талаптарына ылайык чыгашалардын корголгон беренелерин толук жана өз убагында каржылоону камсыз кылуу; | Туруктуу негизде |
| |
- республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн натыйжалуу аткарылышын, бюджеттик каражаттардын өз убагында өздөштүрүлүшүн жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын контролдоону күчөтсүн; | мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга контролду күчөтүү; | Туруктуу негизде |
| |
- бюджеттик каражаттардын бош калдыктарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жана зайымдык ресурстарды негизсиз тартууну азайтуу менен бюджеттик ликвиддүүлүктү жана мамлекеттик карыз алууларды башкарууну өркүндөтүү | бюджеттик каражаттардын бош калдыктарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жана зайымдык ресурстарды негизсиз тартууну кыскартуу менен бюджеттик ликвиддүүлүктү жана мамлекеттик карызды башкарууну өркүндөтүү | Туруктуу негизде |
| |
5 | ФМ: |
|
|
|
- пландык багыттарда олуттуу өзгөрүүлөргө жол бербөөгө чараларды көрсүн, пландык көрсөткүчтөрдү негизсиз түзөтүү практикасына жол бербөө менен бюджеттик болжолдоонун сапатына кирешелердин администраторлору тарабынан контролдоону жана координациялоону күчөтсүн; | Бюджеттин кирешелеринин пландык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү; | Туруктуу негизде | ФМ | |
МСК: |
|
|
| |
- 2025-жылы салыктык түшүүлөрдүн өсүшүн камсыз кылган чараларды сактоону жана күчөтүүнү, салыктык башкарууну санариптештирүүгө жана ири салык төлөөчүлөрдү контролдоого өзгөчө басым жасоо менен жүзөгө ашырсын; | салыктык башкарууну санариптештирүүгө жана ири салык төлөөчүлөрдү контролдоого басым жасоо менен салыктык түшүүлөрдүн өсүшүн камсыздоо; | Туруктуу негизде | МСК | |
МБК: |
|
|
| |
- бажылык башкарууну санариптештирүүгө, тышкы соода операцияларын жана ташылып келген товарларды контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо менен 2025-жылы бажылык түшүүлөрдүн өсүшүн камсыз кылуучу чараларды сактасын жана күчөтсүн | бажылык башкарууну санариптештирүүгө, тышкы соода операцияларын жана импорттолуучу товарларды контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо | Туруктуу негизде | МБК | |
6 | ФМ: |
|
|
|
- КРӨнүн 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 396-б буйругу менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун жана 2019-жылдын 7-августундагы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Бир тараптуу милдеттенмесинин колдонулушун токтотуу жөнүндө макулдашуунун 4-пунктуна ылайык коомдук фонддорго төлөмдөрдүн ордуна ушундай эле өлчөмдө төлөмдөрдүн түздөн-түз КР бюджетине түшүүсүн караган Кайрадан каралган инвестициялык макулдашуунун 5.3-беренесин тактоо жана толуктоо боюнча иштерди тез арада жүргүзсүн; | КРӨнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 355 токтому менен жактырылган жана 2009-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Центерра Голд Инк.", "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайрадан каралган макулдашууга карата макулдашуунун долбоорун даярдоо; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтан 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгы, 2024-2025-жылдар жана 2026-жылдын I кварталы үчүн эсептик түрдө 1996,7 млн. сом суммасында төлөмдөрдүн КР бюджетине түшүүсүн камсыз кылсын | 2024-2025-жылдар жана 2026-жылдын I кварталы үчүн 1996,7 млн. сом эсептик өлчөмдөгү төлөмдөрүнүн КР бюджетине түшүүсүн камсыздоо | 2027-жылдын III кварталы |
| |
7 | ФМ: |
|
|
|
- донорлор менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтарды берүү мөөнөттөрүн белгилөө жолу менен бюджеттин баштапкы долбоорун түзүү этабына эл аралык уюмдардын бардык болжолдонгон гранттарын киргизүүнү камсыз кылсын; | эл аралык уюмдардан күтүлүүчү бардык гранттарды бюджетке киргизүүнү камсыз кылуу; | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- бюджеттик пландоо системасына интеграцияланган гранттардын бирдиктүү реестрин кийин жүргүзүү менен ФМге гранттык жардам берүү жөнүндө бардык макулдашууларды милдеттүү каттоону киргизсин | бюджеттик пландоо системасына интеграцияланган гранттардын бирдиктүү реестрин киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы |
| |
8 | ФМ: |
|
|
|
- кезектеги финансылык жылга бюджетти пландоодо капиталдык чыгымдарды каржылоодо жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда аларды күндөлүк чыгымдар милдеттенмелерин каржылоонун туруктуу булагы катары карабастан бир жолку түшүүлөрдү (КР УБнын пайдасы, дивиденддер жана башка ушул сыяктуу кирешелер) артыкчылыктуу эске алсын; | бюджетти, айрыкча капиталдык чыгымдарды каржылоодо жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда, бир жолку түшүүлөрдү эске алуу менен, аларды учурдагы чыгымдык милдеттенмелерди каржылоонун туруктуу булактары катары карабастан пландоо; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- бюджеттин кирешелерин болжолдоонун методологиясын кайра карасын, салыктык эмес түшүүлөрдү, анын ичинде КР УБнын пайдасын жана дивиденддерди эсептөөгө кыйла консервативдүү жана экономикалык негизделген ыкмаларды киргизсин, ошондой эле бюджеттин баштапкы долбоорун түзүү этабында бардык болжолдонгон олуттуу кирешелерди эсепке алууну камсыз кылсын; | салыктык эмес түшүүлөрдү эсептөөгө кыйла консервативдүү жана экономикалык жактан негизделген мамилелерди киргизүү жолу менен бюджеттин кирешелерин болжолдоо методологиясын кайра карап чыгуу; | 2027-жылдын II кварталы |
| |
- баштапкы бюджетти түзүүдө бюджеттин параметрлерин кийин олуттуу кайра карап чыгуунун зарылдыгын минималдаштыруу менен кирешелердин кыйла реалдуу жана негиздүү болжолдуу көрсөткүчтөрүн колдонсун | мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү | Туруктуу негизде |
| |
9 | ТИМ: |
|
|
|
- консулдук кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө жана колдонуу тартибин КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүүнү, анын ичинде колдонуудагы тарифтерди монополияга каршы мамлекеттик орган менен белгиленген тартипте милдеттүү түрдө макулдашууну камсыз кылсын; | консулдук кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгилөө жана колдонуу; | 2027-жылдын II кварталы | ТИМ | |
- консулдук жыйымдардын экономикалык негиздүүлүгүн жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкештигин ырастоо максатында консулдук жыйымдардын колдонуудагы ставкаларына талдоо жүргүзсүн; | КР мыйзамдарынын талаптарына алардын шайкештигин ырастоо максатында колдонуудагы консулдук жыйымдарга талдоо жүргүзүү; | 2027-жылдын II кварталы |
| |
- тарифтерди түзүү тартибин сактоого ички контролду күчөтсүн, консулдук кызмат көрсөтүүлөргө колдонулуучу бардык тарифтер макулдашылгандыгын документ түрүндө ырастоону камсыз кылсын; | тарифтерди түзүү тартибин сактоого ички контролду күчөтүү; | 2027-жылдын II кварталы |
| |
- атайын каражаттарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде атайын эсептердеги акча каражаттарынын калдыктарынын негизсиз топтолушуна жол бербөө жана алардын бекитилген сметаларга ылайык өз убагында пайдаланылышын камсыз кылууга карата чараларды көрсүн; | атайын каражаттарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бекитилген сметаларды өз убагында пайдаланууну камсыз кылуу чараларын көрүү; | 2027-жылдын II кварталы |
| |
- аныкталган укук бузууларды четтетүүгө жана консулдук акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүүгө карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин | аныкталган тартип бузууларды четтетүү жана акы төлөнүүчү консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча ишке карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүү | 2027-жылдын II кварталы |
| |
10 | ЖАМА: |
|
|
|
- жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөрдүн тизмегин, өлчөмүн жана төлөө тартибин бекитсин жана аталган каражаттарды КР МК чечими менен пайдалануу тартибин аныктасын | жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөрдүн тизмегин, өлчөмүн жана төлөө тартибин бекитүү жана аталган каражаттарды КР МК чечими менен пайдалануу тартибин аныктоо | 2027-жылдын I кварталы | ЖАМА | |
11 | ЮМ: |
|
|
|
- ЮМдин атайын эсебине апостиль коюу үчүн жыйымдарды андан ары чегерүүнүн максатка ылайыктуулугун карасын; - негизделген зарылчылык болбосо аталган жыйымдарды республикалык бюджетке чегерүүнү камсыз кылсын жана ЮМдин бекитилген бюджеттик чыгымдар сметасы аркылуу материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу үчүн каржылоону жүзөгө ашырсын | ЮМдин атайын эсебине апостиль коюу үчүн жыйымдарды андан ары чегерүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо | Туруктуу негизде | ЮМ | |
12 | ФМ жана САЧКӨМ: |
|
|
|
- ФМ САЧКӨМ менен биргеликте суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымдарды бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартибин КР МКнын чечимдеринин деңгээлинде укуктук негиздерди жана чыгымдардын максаттуу мүнөзүн аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин талаптарына ылайык келтирсин | суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымдарды бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин талаптарына ылайык келтирүү | 2027-жылдын IV кварталы | САЧКӨМ ФМ | |
13 | ФМ: |
|
|
|
- максаттуу мүнөзгө ээ болгон айрым салыктык эмес жыйымдарды жана түшүүлөрдү аларды бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине чегерүү практикасын алып салуу, ошондой эле өз алдынча бюджеттик инструмент катары максаттуу өнүктүрүү фонддорунун институтун иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен администрациялоо механизмин өркүндөтүү жөнүндө маселени карасын; | бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринен чегерүүлөр практикасын кайра кароо; | 2027-жылдын II кварталы | ФМ | |
- өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын түзүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартибин КР МК чечимдери менен белгилесин жана материалдык дем берүү максатында аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн же башка байланышпаган чыгымдарды болтурбоо менен тиешелүү тармактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоого катуу багыттасын | максаттуу фонддор институтун өз алдынча бюджеттик инструмент катары иштеп чыгуу жана киргизүү; КР МКнын чечимдери менен өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын түзүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартибин белгилөө жана аларды материалдык дем берүү максатында же башка байланышпаган максаттарга пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу | 2027-жылдын II кварталы |
| |
14 | ФМ: |
|
|
|
- КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик сектордун уюмдарынын бухгалтердик (финансылык) отчетторун кабыл алуу, текшерүү, салыштыруу, консолидациялоо жана өз убагында түзүү боюнча функциялардын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылсын; | КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик сектордун уюмдарынын бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугун түзүүнү камсыз кылуу; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- аралыктык жана жылдык консолидацияланган отчеттуулукту өз убагында түзүүнү камсыз кылууга чараларды көрсүн, бюджеттик мекемелердин отчет берүүсүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө контролду күчөтсүн; | бюджеттик мекемелердин өз убагында отчет беришин камсыз кылуу; | Туруктуу негизде |
| |
- бюджеттик мекемелердин ББЭ АМСга өтүүсүн аяктоону, аныкталган кемчиликтерди четтетүүнү жана ЭСКны колдонуу механизмин киргизүүнү камсыз кылсын; | бюджеттик мекемелердин ББЭ АМСга өтүүсүн аяктоону камсыз кылуу, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана ЭСКны пайдалануу механизмин киргизүү; | 2027-жылдын III кварталы |
| |
- ички контролду күчөтүү жана финансылык отчетторду өз убагында жана сапаттуу түзүүнү камсыз кылуу; | финансылык отчеттуулуктун өз убагында жана сапаттуу түзүлүшүн камсыз кылуу; | 2026-жылдын IV кварталы |
| |
- КР БКнын 116-беренесинин талаптарын аткарууну камсыз кылсын, 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко бюджеттик мекемелердин дебитордук жана кредитордук карыздарынын абалы жөнүндө маалыматты киргизсин жана КР МКга жиберсин | бюджеттик мекемелердин дебитордук жана кредитордук карыздарынын абалы жөнүндө маалыматты камтыган 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту КР МКга жөнөтүү 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко бюджеттик мекемелердин дебитордук жана кредитордук карыздарынын абалы жөнүндө маалыматты киргизүү жана КР МКга жиберүү | 2026-жылдын IV кварталы |
| |
15 | ФМ: |
|
|
|
- КР БКнын жана "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык чыгымдардын корголгон беренелери боюнча бекитилген бюджеттик дайындоолордун өз убагында жана толук аткарылышын камсыз кылуу чараларын көрсүн | КР БКнын жана "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык чыгымдардын корголгон беренелери боюнча бекитилген бюджеттик дайындоолордун өз убагында жана толук аткарылышын камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ | |
16 | ФМ: |
|
|
|
- республикалык бюджеттин кассалык аткарылышына контролду күчөтсүн, чыгашалардын корголгон беренелерин кошкондо бюджеттик ассигнованиелердин өз убагында өздөштүрүлүшүн камсыз кылсын, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдүн аткаруучулук тартибин жогорулатсын, бекитилген бюджеттик дайындоолордун өздөштүрүлбөшүнө жол бербөө чараларын көрсүн | КР республикалык бюджетинин кассалык аткарылышына контролду күчөтүү, бюджеттик ассигнованиелердин өз убагында өздөштүрүлүшүн камсыз кылуу | 2027-жылдын III кварталы | ФМ | |
17 | ФМ: |
|
|
|
- бюджеттик мыйзамдардын чыгашалардын корголгон беренелерин биринчи кезекте каржылоо жана республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетто кредитордук карыздарды ишенимдүү чагылдыруу бөлүгүндө талаптарынын СФнын алдында карыздын түзүлүшүнө жол бербестен сакталышын камсыз кылсын | чыгымдардын корголгон беренелерин биринчи кезекте каржылоо жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетто кредитордук карыздарды ишенимдүү чагылдыруу бөлүгүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарын сактоо | Туруктуу негизде | ФМ | |
18 | ФМ: |
|
|
|
- ТКМ караштуу ЖЧДнын кредитордук карыздарына талдоо жүргүзсүн жана анын натыйжалары боюнча каралган бюджеттик каржылоонун эсебинен өткөн жылдардагы кредитордук карыздарды кыскартуу боюнча иштерди жүргүзсүн жана жаңы объекттерди пландоодо карыздардын андан ары топтолушуна жол бербөө максатында төлөнбөгөн милдеттенмелердин бар экендигин эске алсын;
| карыздардын андан ары топтолушуна жол бербөө үчүн төлөнбөгөн милдеттенмелердин болушун эске алуу менен жаңы объекттерди пландоо; | Туруктуу негизде | ТКМ ФМ | |
- дебитордук карыздын пайда болуу жана өсүү себептерине талдоо жүргүзсүн жана аны кыскартуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн; | дебитордук карыздын пайда болуу жана өсүү себептерине талдоону жүргүзүү; | Туруктуу негизде |
| |
- аванстык төлөмдөрдүн берилишине жана пайдаланылышына контролду күчөтсүн, мөөнөтү өтүп кеткен дебитордук карыздарды өндүрүүнү/тындырууну камсыз кылсын | мөөнөтү өтүп кеткен дебитордук карызды чогултууну/кайтарууну камсыз кылуу | Туруктуу негизде |
| |
19 | ФМ: |
|
|
|
- КР БКнын 105 жана 131-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык акча каражаттарынын кыймылын кечиктирбестен токтотууга жана Курулушминдин, анын ведомстволук мекемелеринин жана аймактык бөлүмдөрүнүн коммерциялык банктардагы эсептерин жабууга, андан кийин эсептер жабылган күнгө карата БКЭдеги каражаттардын калдыктарын кийин которууга чараларды көрсүн | акча каражаттарынын кыймылын кечиктирбестен токтотууга жана Курулушминдин аймактык бөлүмдөрүнүн жана анын ведомстволук мекемелеринин коммерциялык банктардагы эсептерин жабууга карата чараларды көрүү, жабылган күндөн тартып БКЭге каражаттардын калдыктарын которууну камсыз кылуу | 2026-жылдын IV кварталы | Курулушмин | |
20 | ФМ: |
|
|
|
- ФМ БК КР бюджеттик мыйзамдарында каралган белгиленген мөөнөттөрдө бюджеттик каражаттарды алуучулардын эсептеринде БКЭден тышкары турган пайдаланылбаган бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарып берүүнү контролдоону күчөтсүн; | ФМ БКнын бюджеттик каражаттарды алуучулардын бюджеттен тышкаркы эсептеринде турган пайдаланылбаган бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарып берүүнү контролдоо; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- ТИМ пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын 2170,0 миң сом суммасындагы калдыгын республикалык бюджетке которууну камсыз кылсын, бюджеттик мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктарынын андан ары түзүлүшүнө жол бербөө чараларын көрсүн | ТИМди пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын 2170,0 миң сом өлчөмүндөгү калдыгын республикалык бюджетке кайтарып берүүнү камсыз кылуу | 2026-жылдын IV кварталы | ТИМ | |
21 | ФМ: |
|
|
|
- ФМ БК тарабынан белгиленген бюджеттик системанын ачык-айкындуулук принцибин сактоо максатында бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу операциялары боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү жана отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылсын | бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын аларды түзүү булактарын, каражаттардын көлөмүн жана кыймылын чагылдыруу менен жайгаштыруу операциялары боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү жана отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылуу | 2027-жылдын I кварталы | ФМ | |
22 | ФМ: |
|
|
|
- КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоо боюнча конкурстук комиссиянын чечимдеринин негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзсүн жана тандоо жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун, объективдүүлүгүн жана экономикалык натыйжалуулугун камсыз кылуу чараларын көрсүн жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтсүн | КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоо боюнча конкурстук комиссиянын чечимдеринин негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзүү | 2027-жылдын I кварталы | ФМ | |
23 | ФМ: |
|
|
|
- республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун толуктугу жана тууралыгы максатында республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетто бардык операциялардын өз убагында жана толук чагылдырылышын камсыз кылсын, "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө каралбаган операциялардын андан ары жүзөгө ашырылышына жол бербесин | Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетто бардык операцияларды өз убагында жана толук чагылдыруу | Туруктуу негизде | ФМ | |
24 | ФМ: |
|
|
|
- КР БКнын 47-беренесинин талаптарына ылайык кайтарылуучу фонддордун каражаттарына эсептелген пайыздык кирешелердин республикалык бюджетке өз убагында которулушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн | КР БКнын 47-беренесинин талаптарына ылайык кайтарылуучу фонддордун каражаттарынан чегерилген пайыздардан кирешелерди республикалык бюджетке өз убагында которууга карата чараларды көрүү | Туруктуу негизде | ФМ | |
25 | ФМ: |
|
|
|
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 4-майындагы № 61-Б буйругу менен бекитилген ФМ БКнын мультивалюталык эсебинин иш регламентинин 8-пунктунун талаптарын, келип түшкөн валюталык каражаттарды күн сайын өз убагында конвертациялоо бөлүгүндө сөзсүз сактоону камсыз кылсын; | КР УБдагы ФМ БКнын эсептерине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын күн сайын конвертациялоону камсыз кылуу; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- валюта каражаттарын өз убагында конвертациялоонун белгиленген тартибин бузууга жол берген кызмат адамдарын КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мультивалюталык эсебинин иштөө регламентинин жоболоруна ылайык валюта каражаттарын өз убагында алмаштыруунун белгиленген тартибин бузууга жол берген ФМ БКнын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо | 2026-жылдын IV кварталы |
| |
26 | ФМ: |
|
|
|
- КРӨнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын талаптарына ылайык жалпы суммасы 181,0 млн. сом суммасындагы ТМБнын ченемден ашыкча запастарын, ошондой эле жалпы суммасы 812,7 млн. сом дебитордук карызды эсепке алууну жүргүзүүнү камсыз кылсын | 181,0 млн. сом өлчөмүндө товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча запастарын жана 812,7 млн. сом өлчөмүндө дебитордук карызды эсепке алуу | 2027-жылдын ичинде | Министрликтер жана ведомстволор | |
27 | ФМ: |
|
|
|
- каржылоонун көлөмүн эсептөөнүн так критерийлерин жана методикасын аныктоо менен райондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда республикалык бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкын тартибин иштеп чыксын жана бекитсин. Каражаттарды бөлүштүрүүдө калктын саны, райондун социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээли, бюджеттик камсыздоо, инфраструктуралык муктаждыктар, аймактын аянты жана башка негиздүү факторлор сыяктуу объективдүү көрсөткүчтөрдү эске алуу сунушталат; | райондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда каражаттарды бөлүштүрүүнүн учурдагы тартибине талдоо жүргүзүү; | 2027-жылдын II кварталы | ФМ | |
- райондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоонун көлөмүн пайдалуу кендерди сатуудан иш жүзүндө түшкөн чегерүүлөр менен салыштырып текшерүүнү жүргүзсүн, каржылоонун пайда болгон жогорулашын жөнгө салууга чараларды көрсүн жана иш жүзүндө түшкөн чегерүүлөрдүн көлөмүнөн ашык каражаттарды андан ары бөлүүгө жол бербесин; | каражаттарды бөлүштүрүүдө калктын объективдүү көрсөткүчтөрүн эсепке алууну камсыз кылуу; | Туруктуу негизде |
| |
- Ош облусунун Өзгөн районун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын 10735,7 миң сомго, Ош облусунун Алай районунда - 2108,3 миң сомго, Нарын облусунун Кочкор районунда - 328,0 миң сомго, Баткен облусунун Лейлек районунда - 828,7 миң сомго жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 8632,0 миң сомго, бул жалпысынан 22632,7 миң сомго ашыкча чыгымдоого жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын | беш район боюнча өнүктүрүү фонддорун 22632,7 миң сомго ашыкча каржылоого жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу маселесин кароо | 2026-жылдын IV кварталы |
| |
28 | ФМ: |
|
|
|
- КР МК 2022-жылдын 1-августундагы № 438 токтому менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибинин 28-пунктунун талаптарын сактоо максатында капиталдык салымдардын долбоорлорунун бекитилген тизмегине ылайык ар бир объект (долбоор) боюнча капиталдык салымдар боюнча казыналык өздүк эсептерди өзүнчө ачууну камсыз кылсын | капиталдык салымдардын долбоорлорунун бекитилген тизмегине ылайык ар бир объект (долбоор) боюнча өзүнчө капиталдык салымдар боюнча казыналык өздүк эсептерди ачууну жана жүргүзүүнү камсыз кылуу | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
29 | ФМ: |
|
|
|
- санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгарууда жана жүгүртүүдө операциялардын бардык катышуучуларын атайын программалык платформада каттоодо жана каралган үч тараптуу башкы макулдашууларды түзүүдө КР МКнын 2024-жылдын 11-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө жобонун 5 жана 18-пункттарынын талаптарынын сактоону камсыз кылсын | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө жобонун 5 жана 18-пункттарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана үч тараптуу башкы макулдашууларды өз убагында түзүү | Туруктуу негизде | ФМ | |
30 | МФ: |
|
|
|
- аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө чараларды көрсүн жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын сакталышына талаптагыдай контролду камсыз кылсын | мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө операцияларды жүргүзүүдө мындан ары ушундай тартип бузууларга жол бербөө үчүн уюштуруу чараларын көрүү | Туруктуу негизде | ФМ | |
31 | МФ жана ТИМ: |
|
|
|
- чыгымдардын сметасына өз убагында өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ички контролду күчөтүү менен бекитилген жана (же) такталган бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде гана чыгымдарды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө КР чет өлкөлүк мекемелери тарабынан КР БКнын талаптарынын сакталышын камсыз кылсын; | КР чет өлкөлүк мекемелеринин чыгымдар сметасына өз убагында өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ички контролду күчөтүү; | Туруктуу негизде | ФМ | |
2026-жылдын IV кварталы | ТИМ | |||
32 | ФМ: |
|
|
|
- республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине финансылык эмес активдердин түшүүсү боюнча операцияларды чагылдыруунун бир түрдүү жана бир маанидеги тартибин караган бюджеттик мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен КР БКнын 18-беренесинин 1-1-пункту менен 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн ортосунда табылган дал келбестикти (коллизияны) четтетүүгө чараларды көрсүн | КР БКнын 18-беренесинин 1-1-пунктуна жана 20-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
33 | ФМ: |
|
|
|
- инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү жана жеке банктардын, инвестициялык компаниялардын, камсыздандыруу уюмдарынын, институционалдык жана чекене инвесторлорду (калкты) мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларга кыйла активдүү тартуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттин катышуусу бар уюмдарда мамлекеттик баалуу кагаздардын концентрациясын этап-этабы менен азайтууну камсыз кылсын | мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларга активдүү тартуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик катышуусу бар уюмдардагы мамлекеттик баалуу кагаздардын үлүшүн этап-этабы менен кыскартууну камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ | |
34 | ФМ: |
|
|
|
- бюджетти аткаруу киреше бөлүгүн ашыкча аткаруу менен мүнөздөлгөн учурларда мамлекеттик карыз алууларды жүзөгө ашыруунун максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүүнү караган ички тартипти иштеп чыксын жана киргизсин; | бюджеттин киреше бөлүгүн ашыкча аткаруу менен мүнөздөлгөн учурларда мамлекеттик карыз алууларды жүзөгө ашыруунун максатка ылайыктуулугун талдоону камсыз кылуучу ички тартипти иштеп чыгуу; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- мамлекеттик карызга анын таасир этишине баа берүүнү, аны тейлөө боюнча чыгымдарды жана узак мөөнөттүү туруктуулугун кошуп, ар бир олуттуу карыз алуунун негиздемесин камтыган аналитикалык материалдарды КР МКга даярдоо жана берүү практикасын киргизсин; | ар бир олуттуу мамлекеттик карыз алуу боюнча аналитикалык материалдарды даярдоо жана берүү практикасын киргизүү; |
|
| |
- 2025-жылдын IV кварталында профицит болгондо мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруунун экономикалык негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзсүн | 2025-жылдын IV кварталында профицит болгон учурда мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруунун экономикалык негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзүү |
|
| |
35 | ФМ: |
|
|
|
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун бюджеттерин пландоонун сапатын контролдоо системасын күчөтүүгө чараларды көрсүн, пландык көрсөткүчтөрдүн реалдуулугун камсыз кылсын жана каралган каражаттарды өз убагында өздөштүрүүгө зарыл чараларды көрсүн; | мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун бюджеттерин пландоонун сапатын контролдоо системасын күчөтүүгө, каралган каражаттарды өз убагында өздөштүрүүгө чараларды көрүүгө жана пландык көрсөткүчтөрдүн реалдуулугун камсыз кылууга чараларды көрүү; | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүнүн төмөнкү деңгээлинин себептерин талдоо жана жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан түзөтүүчү чараларды көрүү менен долбоорлордун аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын | жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик каражаттарды талдоо жана түзөтүүчү чараларды көрүү жолу менен долбоорлордун ишке ашырылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү | Туруктуу негизде |
| |
36 | ФМ: |
|
|
|
- 2025-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетто мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын так чагылдырылышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн | 2025-жыл жана кийинки жылдар үчүн отчетто мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун реалдуу чыгымдарын так чагылдырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү | Туруктуу негизде | ФМ | |
37 | ФМ: |
|
|
|
- республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүүнүн жана бекитүүнүн бардык этаптарында мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун каражаттары боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарды чагылдыруунун толуктугун жана тууралыгын камсыз кылсын | Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүүдө мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарды толук жана так чагылдырууну камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ | |
38 | ФМ: |
|
|
|
- бекитилген бюджеттердин чегинде гана мамлекеттик инвестициялардын программаларын аткарууну жүзөгө ашырсын; | мамлекеттик инвестициялык программаларды бекитилген бюджеттердин алкагында гана ишке ашыруу; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- УСКнын "Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо" кредиттик долбоору боюнча 2025-жылга республикалык бюджети жөнүндө КР Мыйзамында тиешелүү каражаттардын жоктугуна карабастан, 43,5 млн. сом өлчөмүндөгү чыгашаларга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын | КР бюджеттик мыйзамдарын бузуу менен каражаттарды чыгымдоого жол берген адамдардын жоопкерчилиги маселесин кароо | 2026-жылдын IV кварталы |
| |
39 | ФМ жана ЭКМ: |
|
|
|
- "Токтогул ГЭСин реконструкциялоо, 2-фаза" жана "Токтогул ГЭСин реконструкциялоо, 3-фаза" долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында Талаш-тартыш маселелер боюнча консультациялык кеңештин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө чыгымдардын негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун камсыз кылсын, аларды минималдаштырууга чараларды көрсүн жана бюджеттик каражаттарды негизсиз жана натыйжасыз пайдаланууга байланыштуу бюджеттик жоготуулардын мындан ары келип чыгышына жол бербесин | бюджеттик каражаттарды негизсиз жана натыйжасыз пайдалануу менен байланышкан мындан аркы бюджеттик жоготууларды алдын алуу | Туруктуу негизде | ФМ ЭМ | |
40 | ФМ: |
|
|
|
- эл аралык техникалык жардам каражаттарынын толук эсепке алынышын камсыз кылуу, мамлекеттик финансыларды башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле алардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону күчөтүү максатында аларды каржылоо булагына жана пайдалануу тартибине карабастан, Кыргыз Республикасына эл аралык келишимдердин алкагында акчалай формада берилүүчү бардык гранттык каражаттарды республикалык бюджетте милдеттүү түрдө чагылдырууну караган механизмди иштеп чыксын жана киргизсин | КР акчалай формасында берилүүчү бардык гранттык каражаттарды республикалык бюджетте милдеттүү түрдө чагылдырууну караган механизмди иштеп чыгуу | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
41 | ФМ: |
|
|
|
- аткаруучу агенттиктер менен биргеликте ички каржылоо боюнча мамлекеттик инвестициялардын бюджетин өздөштүрбөөнү болтурбоого жана сапаттуу пландоого чараларды көрсүн | сапаттуу пландоону камсыз кылууга жана аткаруучу агенттиктер менен биргеликте ички каржылоого мамлекеттик инвестициялардын бюджеттик каражаттарын пайдаланбоону болтурбоого чараларды көрүү | Туруктуу негизде | ФМ | |
42 | ФМ: |
|
|
|
- табылган укуктук коллизияны жоюу максатында КР БКга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин жана 106-беренесинин 5 жана 10-бөлүктөрүнүн жоболорунун шайкештигин камсыз кылсын, ошондой эле мамлекеттик тышкы инвестициялардын каражаттарын БКЭ системасы аркылуу эсепке алуунун, чегерүүнүн жана пайдалануунун тартибин бир түрдүү аныктоо үчүн БКЭге мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун каражаттарын топтоо механизмин иштеп чыгууга карата чараларды көрсүн | табылган укуктук коллизияны жоюу максатында 106-берененин 5 жана 10-бөлүктөрүнүн жоболоруна ылайык келтирүүнү камсыз кылуу менен КР БКга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
43 | ФМ: |
|
|
|
- ТИМ менен биргеликте эл аралык уюмдардын алдында мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөр боюнча кредитордук карыздарды азайтуу жана алдын алуу боюнча чараларды көрсүн, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын сактоо жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин жогорулатуу үчүн КР финансылык милдеттенмелерин өз убагында аткарууну камсыз кылсын | КР финансылык милдеттенмелерин өз убагында аткарууну камсыз кылуу менен эл аралык уюмдардын алдында мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөр боюнча карыздардын пайда болушун азайтуу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү | Туруктуу негизде | ФМ | |
44 | ФМ: |
|
|
|
- эмгек акы төлөө фондунун, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка чыгымдык милдеттенмелердин документтештирилген эсептөөлөрүнүн негизинде гана бюджеттер аралык трансферттердин контролдук цифраларын түзүүнү камсыз кылсын | КР МК 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Документтер менен ырасталган маалыматтардын негизинде бюджеттер аралык трансферттердин контролдук цифраларын түзүүдө эсептөөлөрдүн негиздүүлүгүнө контролду күчөтүү жана каржылоо | Туруктуу негизде | ФМ | |
45 | ФМ: |
|
|
|
- бюджеттин ушул бөлүмүнүн максаттарында каралбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелерин көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен каржылоону кошпогондо, ченемдик укуктук актылар жана эсептөөлөр менен ырасталган негизделген бюджеттик ассигнованиелерди гана бюджеттин "Социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу жана башка иш-чаралар" бөлүмүнө киргизүүнү камсыз кылсын | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттин тиешелүү бөлүмүндө каралбаган милдеттенмелерин каржылоонун жол берилбестигин камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ | |
46 | ФМ: |
|
|
|
- максаттуу трансферттерди пайдаланууну финансылык пландоону жана системалуу мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүүгө, анын ичинде өздөштүрүлбөгөн калдыктардын пайда болуу себептерине талдоо жүргүзүү жолу менен чараларды көрсүн жана аларды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга карата өз убагында чараларды көрсүн | максаттуу трансферттерди пайдаланууга системалык контролду камсыздоо, өздөштүрүлбөгөн калдыктардын пайда болуу себептерине талдоо жүргүзүү | Туруктуу негизде | ФМ | |
47 | ФМ: |
|
|
|
- каралган бюджеттик каражаттарды которууда негизсиз кечигүүлөргө жол бербестен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдарды кошуп алганда, биринчи кезекте каржылоо бөлүгүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарын, бюджеттин чыгымдарынын корголгон беренелерин кыйшаюусуз сактоону камсыз кылсын | бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдарды кошуп алганда бюджеттин чыгашаларынын корголгон беренелерин өз убагында каржылоону камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ | |
48 | Кербен шаарынын мэриясы: |
|
|
|
- "Кербен шаарындагы Ниязалы жана Уметалиев көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоо" объекти боюнча долбоордук-сметалык, техникалык жана келишимдик документтерди аткарылып жаткан жумуштардын иш жүзүндөгү параметрлерине жана мүнөздөмөлөрүнө ылайык келтирүүнү камсыз кылсын; | объект боюнча долбоордук-сметалык, техникалык жана келишимдик документтерди аткарылып жаткан иштердин иш жүзүндөгү параметрлерине жана мүнөздөмөлөрүнө ылайык келтирүүнү камсыз кылуу; | 2026-жылдын IV кварталы | Кербен шаарынын мэриясы | |
- автомобиль жолун реконструкциялоонун белгилери болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен иштин түрүн тиешелүү түрдө өзгөртүү чараларын көрүү жана "НУР Инженеринг" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин; | "НУР Инженеринг" ЖЧК менен түзүлгөн келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү; | 2026-жылдын IV кварталы | ||
- 30 жумуш күндүн ичинде милдеттүү мамлекеттик экспертизадан өтүүгө тийиш болгон долбоордук чечимдер андан ары ишке ашырылганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кербен шаарынын Ниязалы жана Уметалиев көчөлөрү боюнча автомобиль жолдорунун объекттери боюнча долбоордук-сметалык документтерге мамлекеттик экспертизадан өтүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн; | Ниязалы жана Үмөталиев көчөлөрү боюнча автомобиль жолдорунун объекттеринин долбоордук-сметалык документтерин 30 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик экспертизадан өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү; | 2026-жылдын IV кварталы | ||
- КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык тобокелдик категориясына кирген объекттерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мамлекеттик архитектура-курулуштук көзөмөлдү жүзөгө ашырууга келишим түзүүнү камсыз кылсын; | КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык II тобокелдик категориясына кирген объекттерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүү келишимин түзүү; | Туруктуу негизде | ||
- мамлекеттик архитектура-курулуштук көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгүнүн фактысы боюнча материалдарды ыйгарым укуктуу органга - Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине кароо жана тийиштүү чараларды көрүү үчүн жиберсин; | Курулуш министрлигине караштуу Архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан тиешелүү чараларды көрүү; | 2026-жылдын IV кварталы | ||
- аткарылган курулуш иштерин кабыл алууга жана кабыл алуу документтерине кол коюуга чейин Кербен шаарынын мэриясынын ички контроль системасына мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл актыларынын болушун жана толуктугун милдеттүү текшерүүнү киргизсин; | аткарылган курулуш иштери кабыл алынганга чейин Кербен шаарынын мэриясынын ички контролдоо системасына мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл актыларын киргизүү; | 2026-жылдын IV кварталы | ||
- "Кербен шаарындагы Ниязалы жана Уметалиев көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоо" объектисинде иштердин түрлөрүн өзгөртүүгө жол берген Кербен шаарынын мэриясынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу маселесин карасын | "Кербен шаарындагы Ниязалы жана Уметалиев көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоо" объекти боюнча жумуштардын түрлөрүн өзгөртүүгө жол берген Кербен шаарынын мэриясынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу маселесин кароо | 2026-жылдын IV кварталы | ||
49 | Кербен шаарынын мэриясы: |
|
|
|
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүнмөлөрдү милдеттүү түрдө четке кагуу үчүн негиздер болгон учурда төмөнкү өтүнмөлөрдү баалоого жана кароого жол берген конкурстук комиссиянын мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын: - № 250721516866932 конкурсу боюнча ("Ниязалы көчөсү") - "Магистраль Курулуш" ЖЧКсы/"Вега Строй" ЖЧКсы консорциумунан; - № 250328498447590 конкурсу боюнча ("А.Дүйшебаев атындагы стадионду реконструкциялоо") - "КУХ-И-ЛАЛ" ЖЧКсынан; - КР мыйзамдарынын талаптарына жана конкурстук документтерде баяндалган шарттарга ылайык жазуу жүзүндөгү буйрукту алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөндө көрсөтүлгөн тараптарга контракттардын аткарылышын камсыз кылууну берүү (киргизүү) жөнүндө өтөнмөлөрдү жөнөтсүн: - Ниязалы көчөсүндөгү объект боюнча "Магистраль Курулуш" ЖЧКсынан 7,7 млн. сом суммасына; - А.Дүйшебаев атындагы стадионду реконструкциялоо объекти боюнча "КУХ-И-ЛАЛ"/"Дастан Строй Компани" консорциумунан 8,7 млн. сом суммасына; | Кербен шаарынын мэриясынын конкурстук комиссиясынын мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу; | 2026-жылдын IV кварталы | Кербен шаарынын мэриясы | |
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык мамлекеттик сатып алуулардын кийинки жол-жоболорун жүргүзүүдө атаандаштыктын жоктугунун себептерин жоюу максатында сатып алуулардын шарттарын кайра кароо жана олуттуу өзгөртүү, анын ичинде өтүнмөлөрдү камсыздоо, лотторду кайра кароо (майда лотторго бөлүү) боюнча талаптарды оптималдаштыруу зарыл болгондо жана конкурстук сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрүн узартууга карата чараларды көрүүнү камсыз кылсын | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө атаандаштыктын жоктугунун себептерин жоюуга багытталган сатып алуулардын шарттарын кайра кароо | 2026-жылдын IV кварталы | ||
50 | Кербен шаарынын мэриясы: |
|
|
|
- 150,4 млн. сом өлчөмүндөгү аванстык төлөмдү кайтарууну камсыз кылуучу банктык кепилдик толук берилгенге чейин, ошондой эле аванс берүүнүн белгиленген 20 пайыздык лимитинен ашып кетүүгө уруксат берген КР МКнын тиешелүү чечими алынганга чейин (КР мыйзамдарына ылайык мындай ашып кетүүгө жол берилген учурда) "КУХ-И-ЛАЛ" ЖЧКсынын бюджеттик каражаттарын андан ары которууну токтото турсун; | "КУХ-И-ЛАЛ" ЖЧКсына 150,4 млн. сом өлчөмүндө аванстык төлөмдү кайтарууну камсыз кылуучу банктык кепилдик толук берилгенге чейин бюджеттик каражаттарды которууну токтотуу; | 2026-жылдын IV кварталы | Кербен шаарынын мэриясы | |
- ар бир аванстык төлөмдү алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде аванстык төлөмдөрдү алууга байланыштуу пайда болгон салыктык милдеттенмелер боюнча карызынын жоктугу жөнүндө подрядчынын маалымкатын берүүсү тууралуу курулуш иштерин (курулуш, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо) аткарууга кийинки бардык мамлекеттик контракттарга милдеттүү шарттардын киргизилишин камсыз кылсын | аванстык төлөмдөрдү алууга байланыштуу келип чыккан салыктык милдеттенмелер боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын берүүнүн милдеттүү шарттарынын аткарылышын камсыздоо | 2026-жылдын IV кварталы | ||
51 | ФМ: |
|
|
|
- электр энергиясына чыгымдарды натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан финансылык жыл башталганга чейин электр энергиясын керектөө лимиттеринин өз убагында бекитилишин камсыз кылсын жана бюджетти аткарууда белгиленген лимиттердин сакталышына контролду күчөтсүн; | финансылык жыл башталганга чейин электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоону контролдоо; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- Чүй облусунун Панфилов району боюнча электр энергиясын ченемден ашыкча керектөөнүн 3,4 млн. сом өлчөмүндөгү наркынын республикалык бюджетке ордун толтурууну камсыз кылсын, ошондой эле электр энергиясын ашыкча чыгымдоонун себептерине талдоо жүргүзсүн жана тиешелүү чараларды көрсүн | Чүй облусунун Панфилов району боюнча республикалык бюджетке электр энергиясын ченемден ашыкча керектөөнүн 3,4 млн. сом суммасында ордун толтуруу | 2026-жылдын IV кварталы | ||
52 | ФМ: |
|
|
|
- Региондорду өнүктүрүү фонддорунун уюштуруучулары менен биргеликте КР МКнын 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун 15-пунктунун сакталбагандыгынын себептерине талдоо жүргүзсүн жана анын натыйжалары боюнча фонддордун каражаттарын пландаштырууда жана бөлүштүрүүдө тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын | айыл аймактарын өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун 11-пунктунун талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
53 | ФМ: |
|
|
|
- КР БКнын 106-беренесине ылайык БКЭге капиталдык салымдар объекттерин каржылоо үчүн чыгарылган мамлекеттик казына облигацияларынын (ФМ эсептеринде) эсебинен коммерциялык банктарда сакталган 2252,9 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттардын калдыгын которууну камсыз кылсын | КР БКнын 106-беренесине ылайык 2252,9 млн. сом өлчөмүндөгү калдыкты которууну камсыз кылуу | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
54 | ФМ: |
|
|
|
- КР БКнын 6-беренесинде белгиленген бюджеттик системанын ачык-айкындуулук принцибин ФМдин расмий веб-сайтында ар бир объект боюнча анын аталышын, жайгашкан жерин, пайдаланууга киргизүүнүн пландаштырылган (же иш жүзүндөгү) жылын, ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжаларын жана долбоордун жалпы наркын көрсөтүү менен тармактык жана аймактык (облустар боюнча) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмелерин жайгаштыруу жолу менен сактоону камсыз кылсын; | "Бюджеттик системасы жөнүндө" КР Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген бюджеттик системанын ачык-айкындуулук принцибин сактоону камсыз кылуу; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана белгиленген тартипте бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтардын тизмесинде каралган учурларда жана тартипте гана аталган грифти ыйгарууну камсыз кылуу менен капиталдык салымдар объекттеринин тизмегин "Кызматтык пайдалануу үчүн" (КПҮ) документтердин категориясына негизсиз киргизүү практикасын токтотсун | капиталдык салымдар объекттерин "Кызматтык пайдалануу үчүн" (КПҮ) документтердин категориясына негизсиз киргизүүнү токтотуу | Туруктуу негизде | ||
55 | ФМ: |
|
|
|
- Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобонун 8-пунктунун талаптарынын сакталышын 2025-жылдын ичинде бекитилген капиталдык салымдар объекттеринин жалпы суммасы 15460,0 млн. сомго такталган бардык тизмелерин КР МК белгиленген тартипте токтоосуз багыттоо жолу менен, бюджеттик каражаттарды объекттик бөлүштүрүүнү тиркөө менен камсыз кылсын | республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу Инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү жөнүндө жобонун 8-пунктунун талаптарын сактоо | Туруктуу негизде | ФМ | |
56 | ФМ: |
|
|
|
- КР ЖК профилдик комитетине каражаттардын объективдүү бөлүштүрүлүшүн көрсөтүү менен 2025-жылдын ичинде бекитилген капиталдык салымдар объекттеринин 15460,0 млн. сом жалпы суммадагы такталган тизмегин токтоосуз жөнөтсүн; | 2025-жыл ичинде бекитилген, жалпы суммасы 15460,0 млн. сомду түзгөн капиталдык салымдар объекттеринин такталган тизмесин КР ЖКнын тиешелүү комитетине жөнөтүү; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- мындан ары КР БКнын 29-беренесинин жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу капиталдык салымдар объекттеринин тизмелериндеги бардык өзгөртүүлөр (тактоолор) жөнүндө маалыматты КР ЖКнын профилдик комитетине өз убагында берүү бөлүгүндө КР МКнын 2025-жылдын 4-августундагы № 466 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобонун 6-пунктунун талаптарын милдеттүү түрдө сактоону камсыз кылсын; | КР БКнын 29-беренесинин жана КР МКнын 2025-жылдын 4-августундагы № 466 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобонун 6-пунктунун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо; | Туруктуу негизде | ||
- жиберилген документтердин көчүрмөлөрүн жана аларды КР ЖК Аппараты алгандыгын ырастоону тиркөө менен ушул сунуштаманын аткарылышы жөнүндө маалыматты 2026-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө берсин | 2026-жылдын 10-сентябрына чейин маалыматты берүү | 2026-жылдын III кварталы | ||
57 | ФМ: |
|
|
|
КР МКнын 2026-жылдын 26-январындагы № 29 токтому менен бекитилген Мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобонун 12-пунктун ФМнын 2025-жылдын 10-октябрындагы 197-Б буйругуна ылайык эмес жана подрядчылар жана объекттер жөнүндө маалыматтардын жоголушуна алып келген өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө аталган буйрукту жокко чыгаруу; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | ||
- 10 жумуш күндүн ичинде КР ЭП жана КР МК төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ар бир объект боюнча подрядчылардын жаңы реестрин сунуштасын: - подрядчынын аталышын (бардык реквизиттерин); - курулуштун, капиталдык оңдоонун, реконструкциялоонун конкреттүү объектин; - ар бир объект боюнча бекитилген сметаны жана каржылоонун көлөмүн; | 10 жумуш күндүн ичинде ЭПге жана ФМге ар бир объект боюнча суралган маалыматтарды берүү; | 2026-жылдын III кварталы |
| |
- конкреттүү объекттерди жана подрядчыларды чечмелебестен "титулдук тизмеге ылайык" жалпыланган формулировкаларды колдонууну токтотсун; | конкреттүү объекттерди жана подрядчыларды көрсөтпөстөн "титулдук тизмеге ылайык" деген жалпылоочу сөздөрдү колдонууну токтотуу; | Туруктуу негизде |
| |
- подрядчылар жана объекттер жөнүндө маалыматтар менен толук эмес реестрлерди түзгөндүгү жана каржылоо көлөмдөрүн негизсиз көбөйтүүгө жол бергендиги үчүн мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча отчеттуулук жана каржылоо секторунун жетекчисине карата мыйзамдарда белгиленген тартипте катуу тартиптик чараларды көрсүн | подрядчылар жана объекттер жөнүндө маалыматтар менен толук эмес реестрлерди түзүүгө жана каржылоо көлөмдөрүн негизсиз көбөйтүүгө жол берген адамдарга карата катуу тартиптик чараларды көрүү | 2026-жылдын IV кварталы |
| |
58 | ФМ: |
|
|
|
- мурдагы сунуштарды эске алуу менен мамлекеттик казыналык облигациялардын отчеттуулук жана каржылоо секторунун башчысы К.А.Оморовдун ээлеген кызматына ылайык келүүсү жөнүндө маселени карасын; | мамлекеттик казына облигациялары боюнча отчеттуулук жана каржылоо бөлүмүнүн башчысына карата мыйзамда белгиленген тартипте катуу тартип чараларын көрүү жөнүндө маселени кароо; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын каржылоо лимитин негизсиз 100 млн. сомго жогорулаткандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу маселесин карасын | Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын каржылоо лимитин негизсиз 100 млн. сомго көбөйтүү үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2026-жылдын IV кварталы | ||
59 | ФМ: |
|
|
|
- Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алардын иш жүзүндөгү наркын жана баланс кармоочусун аныктоо менен капиталдык салымдардын жана мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруунун каражаттарынын эсебинен курулган (реконструкцияланган, оңдолгон) бардык объекттерге инвентаризация жүргүзсүн; | Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бардык объекттердин иш жүзүндөгү наркын жана баланс кармоочусун аныктоо менен инвентаризациялоо; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча табылган объекттерди муниципалдык менчикке расмий каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын жана алардын наркын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында чагылдыруу чараларын көрсүн; | инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча жергиликтүү бюджеттерде чагылдырылган объекттерди муниципалдык менчикке тиешелүү тариздөөгө карата чараларды көрүү; | 2027-жылдын IV кварталы | ||
ФМ: |
|
| ||
- республикалык бюджетти түзүүдө жана аткарууда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда чыгымдык милдеттенмелерди чектөөнүн сакталышына контролду күчөтсүн, ченемдик укуктук базаны максаттуу трансферттердин механизмин айланып өтүү менен республикалык бюджеттен жергиликтүү маанидеги объекттерди тикелей каржылоону жокко чыгарган бюджеттер аралык мамилелердин принциптерине ылайык келтирсин;
| ченемдик укуктук базаны республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин механизмин кыйгап өтүү менен түздөн-түз каржылоону жокко чыгарган бюджеттер аралык мамилелердин принциптерине ылайык келтирүү; | 2027-жылдын IV кварталы | ||
- мамлекеттик казыналык облигациялар линиясы боюнча бюджеттик каражаттарды коммерциялык банктардагы ФМ эсептеринен казыналык контролду айланып өтүү менен түздөн-түз подрядчыларга которуу практикасын алып салуу менен республикалык бюджеттин бардык каражаттарын БКЭге чегерүү жана аларды казыналык системасы аркылуу гана чыгымдоо жөнүндө КР БКнын 103-беренесинин талаптарын кыйшаюусуз сактоону камсыз кылсын | КР БК 103-беренесинин талаптарына ылайык коммерциялык банктардагы ФМ эсептеринен бардык каражаттардын которулушун камсыз кылуу | 2027-жылдын IV кварталы | ||
60 | ФМ: |
|
|
|
- КР БК 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун сакталышын камсыз кылсын жана капиталдык салымдар объекттерин коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу БКЭни кыйгап өтүп каржылоо практикасын токтотсун; | капиталдык салымдар объекттерин коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу БКЭни кыйгап өтүп каржылоо практикасын токтотуу; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" КР Мыйзамына жана IPSAS 29 жана IPSAS 30 эл аралык стандарттарына ылайык көрсөтүлгөн эсептер боюнча бардык операциялардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнү камсыз кылсын; | "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" КР Мыйзамына жана IPSAS 29 жана IPSAS 30 эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүүнү камсыздоо; | Туруктуу негизде | ||
- иш жүзүндө которулган, бирок пайдаланылбаган же эсепке алууда чагылдырылбаган каражаттардын жалпы суммасына мамлекеттик заказчылардын (ведомстволук түзүмдөрдүн) дебитордук карыздарын 26447,1 млн. сом өлчөмүндө же болбосо инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча башка суммада таанысын жана бюджеттик эсепке алууда чагылдырсын; | иш жүзүндө которулган, бирок пайдаланылбаган же эсепке алууда чагылдырылбаган каражаттардын 26447,1 млн. сом өлчөмүндөгү жалпы суммасына мамлекеттик заказчылардын (ведомстволук түзүмдөрдүн) дебитордук карыздарын бюджеттик эсепке алууда чагылдыруу | 2027-жылдын I кварталы | ||
- мамлекеттик заказчыларга эсептөөлөрдүн туура чагылдырылышын камсыз кылсын жана которулган суммалар жөнүндө маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн ар бир жүргүзүлгөн операция боюнча авизо (билдирүү) жөнөтсүн | мамлекеттик заказчыларга ар бир жүргүзүлгөн операция боюнча авизо (билдирүү) жөнөтүү | Туруктуу негизде | ||
61 | ФМ: |
|
|
|
- пландаштырылып жаткан жана ишке ашырылып жаткан бюджеттик инвестициялар жөнүндө маалыматка бардык кызыкдар тараптардын эркин жана тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылсын, ошондой эле кыска мөөнөттө бирдиктүү электрондук автоматташтырылган аянтты иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу капиталдык салымдар объекттеринин тизмесин ачык жеткиликтүүлүккө жайгаштырсын | республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу капиталдык салымдар объекттеринин тизмесин ачык жайгаштыруу үчүн бирдиктүү электрондук автоматташтырылган аянтты ишке киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
62 | ФМ: |
|
|
|
Туруктуу негизде | ФМ | |||
- Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегине белгиленген тартипте киргизилбеген капиталдык салымдар объекттерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн алып салсын; | республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегине белгиленген тартипте киргизилбеген капиталдык салымдар объекттерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн алып салуу; | Туруктуу негизде | ||
ФМ: |
|
| ||
- "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча ассигнованиелерди алуучу бардык мамлекеттик заказчылар үчүн ар бир объекттин наркын көрсөтүү менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин деталдаштырылган тизмесин андан ары бекитүүнү камсыз кылсын; | ар бир объекттин наркын көрсөтүү менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин деталдаштырылган тизмесин берүү; | Туруктуу негизде | ||
- 2025-жылга бекитилген тизмеге аларга карата мындай тизме түзүлбөгөн мамлекеттик заказчылардын объекттери жөнүндө деталдаштырылган маалыматты киргизүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карасын | 2025-жылдын тизмесине киргизилбеген мамлекеттик заказчылардын объекттери жөнүндө кеңири маалыматты киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | ||
63 | ФМ: |
|
|
|
- уюштуруу документтерине ылайык капиталдык салымдар түрүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын ыйгарым укуктары берилбеген мамлекеттик органдарга "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жеткирүүгө жол бербесин; | уюштуруу документтерине ылайык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын ыйгарым укуктары берилбеген мамлекеттик органдарга "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жеткирүүгө жол бербөө; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча ассигнованиелерди алуучу бюджеттик каражаттарды бардык башкы тескөөчүлөрдүн уюштуруу документтерине КР МК 2025-жылдын 4-августундагы № 466 токтому менен бекитилген, "Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө" жобонун 2 (4)-пунктунун талаптарына ылайыктуулук предметине талдоо жүргүзсүн жана шайкеш келбестиктер табылган учурда аларды жоюу чараларын көрсүн | "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча ассигнованиелерди алуучу бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн уюштуруу документтерине талдоо жүргүзүү | 2027-жылдын IV кварталы | ||
64 | ФМ: |
|
|
|
- КР бюджеттик мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин караган КР БК 130-беренесине ылайык кызматтык териштирүү жүргүзсүн; | бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин караган кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- ФМ капиталдык салымдар башкармалыгы тарабынан мамлекеттик казыналык облигацияларды эсепке алуу жана каржылоо бөлүгүндө КР МК 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтому менен бекитилген Мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобонун 4, 9, 10, 12, 13-пункттарынын талаптарын бузууга жол берген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын; | ФМ капиталдык салымдар башкармалыгынын мамлекеттик казыналык облигациялардын отчеттуулук жана каржылоо секторунун башчысын жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо; | 2026-жылдын IV кварталы | ||
- белгиленген чектик суммадан төмөн мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо практикасын токтотсун | мамлекеттик казыналык облигацияларды белгиленген чектик деңгээлден төмөн чыгаруу жолу менен каржылоону токтотуу | Туруктуу негизде | ||
65 | ФМ: |
|
|
|
- капиталдык салымдардын долбоорлорун ишке ашырууда КР салык мыйзамдарын колдонуунун тууралыгына контролду күчөтсүн жана жумуштардын жана кызматтардын наркын түзүүдө сметалык документтерге жана аткарылган иштердин актыларына негизсиз салыктарды киргизүүгө жол бербесин; | капиталдык салымдардын долбоорлорун ишке ашырууда жана жумуштардын жана кызматтардын наркын калыптандырууда КР салык мыйзамдарын туура колдонуу; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- подряддык уюмдарга негизсиз эсептелген жана ашыкча төлөнгөн 21666,0 миң сом өлчөмүндөгү бирдиктүү салыктын жана 1930,0 миң сом өлчөмүндөгү КНСтин суммасын 7-тиркемеде көрсөтүлгөн подрядчылардын тизмесине ылайык республикалык бюджетке кайтарып берүү чараларын көрсүн | 21666,0 миң сом өлчөмүндөгү сумманы жана 1930,0 миң сом өлчөмүндөгү КНСти кайтарып берүү чараларын көрүү | 2026-жылдын IV кварталы | ||
66 | ФМ: |
|
|
|
- КРда дем берүүчү гранттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жардам көрсөтүү жана координациялоону күчөтүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзсүн; | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- долбоорлорду даярдоодо жана сметалык наркын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жардам көрсөтүү үчүн атайын семинарларды жана тренингдерди уюштурсун | долбоорлорду даярдоо жана алардын сметалык наркын аныктоо боюнча окуу семинарларын жана консультацияларды өткөрүү | Туруктуу негизде | ||
67 | ФМ: |
|
|
|
- долбоорлорду тандоо жана бекитүү процессинде ички контролду күчөтсүн, ар бир долбоор боюнча документтерди текшерүүнү камсыз кылсын жана белгиленген талаптарга ылайык келбеген долбоорлорду алдын ала алып салуу механизмин күчөтсүн; | долбоорлорду жана берилген документтерди белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерүүнү күчөтүү; | Туруктуу негизде | ФМ | |
- долбоорлорду тандоодо комиссиялар долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн оңдоо-курулуш иштерин аткаруу мөөнөттөрүнө дал келүүсүнө өзгөчө көңүл бурсун; | долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылуу; | Туруктуу негизде | ||
- долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиялардын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктасын жана белгиленген талаптарга жооп бербеген долбоорлор бекитилген учурда жоопкерчилик чараларын карасын; | КР мыйзамдарына ылайык долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо; | 2026-жылдын IV кварталы | ||
- AS "STIMGRANT" системасында техникалык валидаторду орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын (мисалы, долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү дал келбеген учурда автоматтык эскертүү же блок коюу); | долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн бузулушун болтурбоо үчүн AS "STIMGRANT" системасында техникалык валидаторду орнотуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу; | 2027-жылдын IV кварталы | ||
- көрсөтүлгөн жагдайларды эске алуу менен кийинки жылга долбоорлорду бекитүүдө белгиленген талаптардын так сакталышын камсыз кылсын жана алдын алуу иш-чараларын күчөтсүн | долбоорлорду даярдоо жана алардын сметалык наркын аныктоо боюнча окутуучу семинарларды жана консультацияларды өткөрүү | Туруктуу негизде | ||
68 | ФМ: |
|
|
|
- AS "STIMGRANT" маалыматтык системасынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жаңыртсын жана финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча отчетторду түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн архивге которулган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө отчетторду киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмди иштеп чыксын; | AS "STIMGRANT" маалыматтык системасында отчеттуулукту түзүүгө жана берүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмди иштеп чыгуу; | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- жалпы наркы 59,4 млн. сом болгон 12 долбоордун ишке ашырылышынын аяктагандыгы жана пайдаланууга берилгени жөнүндө маалыматтын AS "STIMGRANT" системасына толук жана ишенимдүү киргизилишин камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн; | жалпы наркы 59,4 млн. сом болгон 12 долбоорду ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды AS "STIMGRANT" киргизүү боюнча чараларды көрүү; долбоорлорду ишке ашыруу процессин натыйжалуу координациялоого контролду күчөтүү; | 2027-жылдын I кварталы | ||
- долбоорлорду ишке ашыруу процессин натыйжалуу координациялоо максатында тиешелүү координациялык комитетти түзүү жана долбоорлорду аткаруунун жүрүшүнө, ошондой эле бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана өз убагында өздөштүрүүгө контролду күчөтсүн; | долбоорлорду ишке ашыруу процессин натыйжалуу координациялоого контролду күчөтүү; | Туруктуу негизде | ||
- 2026-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун тизмесин бекитүүдө төмөнкү жагдайларды эске алсын: 2025-жылы каржылоо дем берүүчү гранттардын эсебинен ишке ашырылган, бирок курулуш иштери аягына чыга элек долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте райондук аймактык бөлүмдөрдүн туруктуу көзөмөлүндө болууга тийиш; | райондук аймактык бөлүмдөр тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 2025-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу курулуш иштери аягына чыга элек долбоорлорго көзөмөл жүргүзүү; | Туруктуу негизде | ||
аталган объекттер боюнча курулуш иштерин аяктоо жана алардын өз убагында ишке берилишин камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн | аталган объекттердеги курулуш иштерин бүткөрүүгө жана алардын өз убагында пайдаланууга берилишин камсыздоого конкреттүү чараларды көрүү | 2027-жылдын I кварталы | ||
69 | ФМ: |
|
|
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары долбоордук-сметалык документтерди кароодо жана бекитүүдө киргизилүүчү чыгымдардын мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун контролдоону күчөтсүн жана ченемдик укуктук актыларда каралбаган чыгымдарды төлөөгө жол бербөөнү камсыз кылсын; | долбоордук-сметалык документтерди кароодо жана бекитүүдө киргизилген чыгымдардын мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайыктуулугун контролдоону күчөтүү; | 2027-жылдын I кварталы | ФМ | |
- бюджеттик каражаттарды негизсиз чыгымдоону болтурбоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдү тартуу менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун сметалык наркын алдын ала текшерүү механизмин иштеп чыксын жана киргизсин; | республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун сметалык наркын алдын ала текшерүү механизмин иштеп чыгуу; | 2027-жылдын I кварталы | ||
- подряддык уюмдар тарабынан аткарылган иштердин наркына бирдиктүү салыкты киргизүүнүн натыйжасында пайда болгон 1031,0 миң сом өлчөмүндөгү негизсиз төлөнгөн бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу чараларын көрсүн (подрядчылардын тизмеси 9-тиркемеде көрсөтүлгөн) | 1031,0 миң сом өлчөмүндө негизсиз төлөнгөн бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу чараларын көрүү | 2027-жылдын I кварталы | ||
70 | ФМ: |
|
|
|
- аткарылган иштердин көлөмүн жогорулатууга байланыштуу 3311,7 миң сом өлчөмүндө негизсиз төлөнгөн бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу чараларын көрсүн (подрядчылардын тизмеси 10-тиркемеде көрсөтүлгөн); | 3311,7 миң сом өлчөмүндө негизсиз төлөнгөн бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү; | 2027-жылдын I кварталы | ФМ | |
- иштин иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн жана наркынын долбоордук-сметалык документтерге жана аткарылган иштердин актыларына шайкештигин камсыз кылуу менен дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлор боюнча аткарылган иштерди кабыл алууну контролдоону күчөтсүн | дем берүүчү гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлор боюнча аткарылган жумуштун актыларына шайкеш келтирүү | Туруктуу негизде | ||
71 | ФМ: |
|
|
|
- күрөөлүк укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо бөлүгүндө КР мыйзамдарынын жана ички ченемдик документтердин талаптарынын толук сакталышын камсыз кылсын, күрөөлүк мүлктү өз убагында тариздөөгө ички контролду күчөтсүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен катталган чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды такай мониторингдөөнү жана салыштырып текшерүүнү уюштурсун; | мамлекеттик каттоого байланыштуу күрөө укуктарына карата КР мыйзамдарынын жана ички ченемдик документтердин талаптарынын толук сакталышын камсыз кылуу; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- күрөөлүк камсыздоону тариздөөдө жана каттоодо мыйзамдардын жана ички ченемдик документтердин талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын | КР мыйзамдарынын жана ички ченемдик документтердин талаптарын бузган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2026-жылдын IV кварталы | ||
72 | ФМ: |
|
|
|
- күрөө келишимин түзүүнү жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү камсыздоо катары тариздөөнү кошо алганда, Нарын шаарынын муниципалдык ишканасынын бюджеттик кредит боюнча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо боюнча 67,0 млн. сом өлчөмүндөгү милдеттенмелерин аткаруусуна карата чараларды көрүүнү камсыз кылсын; | Нарын шаарынын муниципалдык ишканасы тарабынан 67,0 млн. сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит боюнча күрөөлүк камсыздоону берүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу чараларын көрүү; | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- кредиттик келишимдердин шарттарынын сакталышына контролдукту күчөтсүн жана бюджеттик кредиттердин кайтарымдуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди зайымчылар өз убагында же толук эмес аткарган учурларда таасир этүү чараларын өз убагында көрсүн | кредиттик келишимдердин шарттарынын сакталышына контролдукту күчөтүү | Туруктуу негизде | ||
73 | ФМ: |
|
|
|
- жеке ишкер А.К.Абытовду күрөөлүк камсыздоону кабыл алууда жана тариздөөдө тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын | Жеке ишкер А.К.Абытовду күрөөлүк камсыздоону кабыл алууда жана тариздөөдө тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
74 | ФМ: |
|
|
|
- КР МК 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 819-т тескемесине жана КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык "МИК" ААК менен биргеликте 26000,0 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышын күрөөлүк камсыздоону тариздөөнү, күрөө укуктарынын пайда болушун ырастаган документтерди берүүнү камсыз кылсын | "МИК" ААК 26000,0 млн. сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредиттин күрөөсү боюнча чараларды белгиленген талаптарга ылайык келтирүү | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
75 | ЭКМ: |
|
|
|
- "Альфа Ойл" ЖЧКны мамлекеттик колдоо жөнүндө ЭКМ чечимин тиешелүү документтик негиздемесиз жана КР бюджеттик мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен даярдаган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын | "Альфа Ойл" ЖЧКны мамлекеттик колдоо жөнүндө чечимдерди тиешелүү документтик негиздемесиз жана КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кабыл алууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | 2026-жылдын IV кварталы | КРМК | |
76 | ФМ: |
|
|
|
- Ички аудит системасын "Ички аудит жөнүндө" КР Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү, ички аудиттин көз карандысыздык, объективдүүлүк жана отчеттуулук принциптерин сактоону камсыз кылуу, ошондой эле ички жана тышкы мамлекеттик аудиттин функцияларын кайталоону болтурбоо максатында: | Ички аудит системасын "Ички аудит жөнүндө" КР Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүүнү камсыз кылуу; | 2027-жылдын IV кварталы | ФМ | |
- "Ички аудит жөнүндө" КР Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ФМ караштуу ИАК аркылуу жүзөгө ашырылуучу ички аудитти уюштуруунун колдонуудагы борборлоштурулган моделин кайра карап чыгуу жөнүндө маселени карасын; | "Ички аудит жөнүндө" КР Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ички аудит системасын мындан ары өркүндөтүү жөнүндө маселени кароо; | 2027-жылдын IV кварталы | ||
- "Ички аудит жөнүндө" КР Мыйзамынын 13-беренесине ылайык алардын уюштуруучулук көз карандысыздыгын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине отчеттуулугун аныктоо менен түздөн-түз мамлекеттик органдарда (министрликтер жана ведомстволор) - ички аудит объекттеринде ички аудит кызматтарын түзүүнү жана иштешин камсыз кылсын; | ички аудит кызматтарын алардын уюштуруучулук көз карандысыздыгын жана жетекчилерге отчеттуулугун аныктоо менен түздөн-түз министрликтерде жана ведомстволордо түзүү жана иштетүү; | 2027-жылдын IV кварталы | ||
- КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык функцияларын кийин кайра бөлүштүрүү менен мамлекеттик органдарга түздөн-түз аудит жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу борборлоштурулган орган катары ФМ караштуу ИАКты жоюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карасын; | функцияларын кийин кайра бөлүштүрүү менен борбордоштурулган орган катары ФМ караштуу ИАКты жоюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо; | Туруктуу негизде | ||
- ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Ички аудит жөнүндө" КР Мыйзамында каралган функцияларды, анын ичинде ички аудиттин стандарттарын жана методологиясын иштеп чыгууну, ички аудит кызматтарынын ишин координациялоону, стандарттардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү, ички аудиторлорду окутууну жана кесиптик өнүктүрүүнү уюштурууну камсыз кылсын; | "Ички аудит жөнүндө" КР Мыйзамында каралган функцияларды ишке ашырууну ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүнү камсыз кылуу; | 2027-жылдын IV кварталы | ||
- ИАКтын, мамлекеттик органдардын - ички аудит объекттеринин жана ЭПтин ыйгарым укуктарын так чектөө жолу менен ички аудит менен тышкы мамлекеттик аудиттин ортосундагы функциялардын кайталанышын жокко чыгаруу боюнча чараларды көрсүн | ички аудит кызматтарынын, мамлекеттик органдардын жана ЭП өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү чараларын көрүү | 2027-жылдын IV кварталы | ||
77 | ФМ: |
|
|
|
- ФМдин 2024-жылдын 2-октябрындагы № 7-Б буйругу менен бекитилген Ички аудит боюнча колдонмонун талаптарына ылайык белгиленген максаттарга жетүү үчүн ички контролдоо механизмдеринин жетиштүүлүгүн баалоо максатында ички аудит объекттери менен өз ара аракеттенүү аркылуу операциялык жана башкаруу аудиттерин пландаштырууну жана жүргүзүүнү, анын ичинде иштин үнөмдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана натыйжалуулугун баалоону камсыз кылсын | ички аудит боюнча колдонмонун талаптарына ылайык операциялык жана башкаруу аудиттерин жүргүзүү | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ | |
78 | ФМ: |
|
|
|
- "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жана убакыт чыгымдарын кыскартууну камсыз кылган толук баалуу электрондук аудитти жүргүзүү үчүн "Э-Аудит" маалыматтык системасын өнүктүрүү жана аны адаптациялоо боюнча ишти улантсын | "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте толук электрондук аудит жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында "Э-Аудит" маалыматтык системасын өркүндөтүү | 2026-жылдын IV кварталы | ФМ |