Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 19-июнь №104
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын балансындагы техникаларды Муниципалдык биргелешкен «Тоң районунун өнүктүрүү агенттиги» ишканасынын балансына алууга макулдук берүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
Муниципалдык биргелешкен «Тоң районунун өнүктүрүү агенттиги» ишканасы тарабынан район аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, ички жолдорду оңдоо, инфраструктуралык маселелерди чечүү жана башка чарбалык иштердиаткарууда техникалык көмөк көрсөтүлүп жаткандыгынэске алуу менен, ошондой эле муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, атайын техникалады максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын балансында турган төмөнкү техникаларды Муниципалдык биргелешкен «Тоң районунун өнүктүрүү агенттиги» ишканасынын балансына алууга макулдук берилсин.
- Komatsu PS300-8MO үлгүсүндөгү каз тамандуу экскаватор;
- Shacman SZL215 үлгүсүндөгү экскаватор;
- Shacman X5000 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу техника;
- «Kunbo» маркасындагы SVZ9401TDP үлгүсүндөгү жарым чиркегич (трал).
2. Муниципалдык биргелешкен «Тоң районунун өнүктүрүү агенттиги» ишканасын өткөрүлүп берилген техникаларды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланып, техникалардын сакталышын жана техникалык абалын камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык кеңешинин бюджет,салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев