Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 19-июнь №105
Туризм багытында пайдаланууга ижарага берилүүчү жайыт жерлеринин тарифин бекитүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, айыл аймактагы туризм багытында пайдаланууга ижарага берилүүчү 1 га жайыт жерлеринин тарифин 10000 (он миң) сом кылып бекитүү боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы туризм багытында пайдаланууга ижарага берилүүчү 1 га жайыт жерлеринин тарифин 10000 (он миң) сом кылып, бир жылга карата бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл аймактагы туризм багытында пайдаланууга ижарага берилүүчү 1 га жайыт жерлеринин тарифин 10000 (он миң) сом кылып бекитүүгө макулдук берүү боюнча тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы муниципалдык ишканага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык кеңешинин бюджет,салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев