Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
19.06.2026-жыл.№106
Элге кызмат көрсөтүү максатында тигилген боз үйдүн ижара акысын бекитүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, айыл аймактагы элге кызмат көрсөтүү максатында тигилген бир даана боз үйгө 5000 (беш миң) сом ижара акысын бекитүү боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы элге кызмат көрсөтүү максатында тигилген бир даана боз үйгө 5000 (беш миң) сом кылып бекитүү, 2026-жылга бир жылга бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл аймактагы элге кызмат көрсөтүү максатында тигилген бир даана боз үйгө 5000 (беш миң) сом ижара акысын бекитүүгө макулдук берүү боюнча тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы муниципалдык ишканага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык кеңешинин бюджет,салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев