Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 19-июнь 108
Жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана каегориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык кум-шагыл, топурак материалдарын алуу үчүн ар бир айылдан карьер ачууга жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жана категориясын которуу (трансформациялоо) максатында, айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шаар айылынын «Кум-Жал» участогундагы № 357 контурда жайгашкан 3,0 га жер аянтын, Кара-Талаа айылынын «Кум-Жал» участогундагы № 417 контурда жайгашкан 3,0 га жер аянты кум-шагыл, топурак материалдарын алуу үчүн карьер ачуу үчүн муниципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев