Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 19-июнь №109
Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жана дамба куруу максатында аны жарандын жеке үлүш жер тилкесине алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
Улахол айыл аймагынын коопсуздугун камсыздоо, сел ташкындарынын алдын алуу жана дамба (суу тосмосун) куруу максатында мамлекеттик муктаждык үчүн алынуучу жеке үлүш жер тилкесинин ордуна башка тең баалуу жер берүү зарылчылыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21, 63, 66 жана 69-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Улахол айыл өкмөтүнүн сунушун талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Оттук айылы “83” участогу № 52 контур, аянты 2,0 га.
- Жердин категориясы: Айыл чарба багытындагы жерлер.
- Максаттуу багыты: Үлүш жер тилкеси катары алмаштыруу үчүн.
Жарандын аты-жөнү: Төлөгөнов Рыстөрө
Алынып жаткан жеке үлүш жер: 2-04-09-0011-0505 иден.код., аянты 0,70 га (Мамлекеттик актысы УО №1009).
Ордуна берилип жаткан муниципалдык жер: № 52 контур, аянты 2,0 га.
- Муниципалдык менчикке кабыл алынган жер тилкесин «Кадастр» мамлекеттик мекемеси аркылуу мыйзамдуу каттоодон өткөрүүнү камсыз кылсын;
- Каттоо иштери аяктагандан кийин, жаран менен эки тараптуу алмашуу келишимин түзүп, тиешелүү токтомду кабыл алсын жана жаранга жаңы Мамлекеттик актыны (кызыл китеп) берүү иштерин уюштурсун.
Төрага К.Бейшеев