Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 19-июнь №110
Кара-Талаа айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ГСВ) аймагынан жер тилкесин бөлүү жана дарыкана имаратын алмашууга макулдук берүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
Улахол айыл аймагынын Кара-Талаа айылынын тургуну Ч.Б. Иманходжаеванын айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо кызматтарын жакшыртуу жана калкка дары-дармек менен камсыздоону иретке келтирүү тууралуу кайрылуусун, ошондой эле сунушталган дарыкана имаратынын (Райхан көчөсү, № 4-1 дареги боюнча жайгашкан, укук белгилөөчү документтери бар, жалпы аянты 79,0 кв.м, жер тилкеси 350 кв.м) кадастрдык маалыматтарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- ГСВ аймагынан бөлүнүп жаткан 5 сотых жер тилкесинин чек араларын бекитүү боюнча тийиштүү кадастрдык жана архитектуралык-пландоо иштерин жүргүзүү;
- Дарыкана имаратын жана жер тилкелерин алмашуу процессин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде юридикалык жактан тариздөө жана кадастрдык органдардан каттоодон өткөрүүнү камсыздоо тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарба,жер,жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага К.Бейшеев