Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVII СЕССИЯСЫНЫН
2026-ж. 19-июнь №111
Кара-Талаа айылынын Кара-Чий участогунан таза суу булагын чыгаруу үчүн жер тилкесин айыл өкмөтүнүн карамагына алууга макулдук берүү жөнүндө
________________________________________________________________________________
Улахол айыл аймагынын Кара-Талаа айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, калктын социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу максатында айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Чий участогунун сай боюнан бөлүнүп жаткан 5 сотых жер тилкесинин чек араларын аныктоо, чектөө жана санитардык-коргоо зонасын белгилөө боюнча кадастрдык жана топографиялык иштерди жүргүзүү;
- Жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана аны трансформациялоо (категориясын өзгөртүү) боюнча тийиштүү документтерди, жер-кадастрдык ишин (землеустроительное дело) даярдап, райондук жер комиссиясынын кароосуна киргизүү;
- Жер тилкеси бекитилгенден кийин мамлекеттик каттоо процедураларын аткаруу жана таза суу булагын чыгаруу боюнча долбоордук-сметалык иштерди баштоо тапшырылсын.
Төрага К.Бейшеев