Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 120 Т О К Т О М У
5-октябрь 2026-ж.
Улахол айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
3-сентябрындагы №309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгына ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына, Элдик Курултайдын регламентине жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө ЖОБОго ылайык маселени карап, талкуулап Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
1. Улахол айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү негизги иш чаралардын календардык планына ылайык Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны 2026-жылдын 24-октябрында (ишемби) саат 10:00до Кара-Талаа айылында, айыл өкмөтүнүн жыйындар залында ѳткѳрүлсүн.
2. Улахол айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын өкүлдөрүнүн саны калктын санына ылайык 50 делагаттан тураары белгиленсин.
3. Улахол айыл аймагынын Кезектеги V Элдик Курултайын уюштуруу жана коомдоштуктун жыйынын ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 1 тиркеме ылайык бекитилсин.
4. Коомдоштуктун жыйынына катышуучу ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын ѳткѳрүү жана ѳкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бѳлүнүшү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Улахол айыл ѳкмѳтү Кезектеги V Элдик Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ жана белгиленген мѳѳнѳттѳ графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын ѳтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага К.Б. Бейшеев
| Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын XХ кезексиз сессиясынын 2026-жылдын 5-октябрь айындагы № 120 токтому менен бекитилген Тиркеме-1
|
Улахол айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А. | Кызматы | Жумушчу топ |
1 | Бейшеев Кылымбек Бейшеевич | Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин тѳрагасы | Тѳрагасы |
2 | Акатов Улукбек Жуматинович | Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты | Мүчѳсү |
3 | Жунушова Гүлкайыр Үсөнбековна | Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты | Мүчѳсү |
4 | Кызаева Наргиза Муратбековна | Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты | Мүчѳсү |
5 | Мамбетова Кенжегүл Шамшидиновна | Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты | Мүчѳсү |
6 | Жекшенбеков Тынчыбек Жекшенбекович | Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты | Мүчѳсү |
7 | Турсуналиева Нурайым Турсуналиевна | Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин жооптуу катчысы | Мүчѳсү |
Төрага К.Б. Бейшеев
| Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын IX чакырылышынын XX кезексиз сессиясынын 2026-жылдын 5-октябрь айындагы № 120 токтому менен бекитилген Тиркеме-2
|
Улахол айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун Курултайына ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү боюнча ѳткѳрүлүүчү чогулуштарын (жыйындарын) ѳткѳрүүнүн графиги жана ага жооптуулар
№ | Айылдар
| Калктын саны | Шайлануучу делегаттардын саны | Өткөрүү күнү, убактысы | Жооптуулар |
1. | Оттук Айылдык клуб
| 2053 | 13 | 12.10.2026-ж. Саат 10-00
| Тѳрагасы: Бейшеев К.Б. Мүчөлөрү: Акатов У.Ж. Жунушова Г.Ү. Кызаева Н.М. Мамбетова К.Ш. Жекшенбеков Т. Турсуналиева Н.Т. |
2. | Кара-Шаар Бытыкан Бейшеналиева атындагы маданият үйү | 1220 | 7 | 12.10.2026-ж. Саат 13-00
| Тѳрагасы: Бейшеев К.Б. Мүчөлөрү: Акатов У.Ж. Жунушова Г.Ү. Кызаева Н.М. Мамбетова К.Ш. Жекшенбеков Т. Турсуналиева Н.Т. |
3. | Кара-Талаа Айыл өкмөтүнүн жыйындар залы | 2394 | 16 | 13.10.2026-ж. Саат 10-00
| Тѳрагасы: Бейшеев К.Б. Мүчөлөрү: Акатов У.Ж. Жунушова Г.Ү. Кызаева Н.М. Мамбетова К.Ш. Жекшенбеков Т. Турсуналиева Н.Т. |
4. | Шор-Булак Эркимбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залы
| 1351 | 9 | 13.10.2026-ж. Саат 13-00
| Тѳрагасы: Бейшеев К.Б. Мүчөлөрү: Акатов У.Ж. Жунушова Г.Ү. Кызаева Н.М. Мамбетова К.Ш. Жекшенбеков Т. Турсуналиева Н.Т. |
5. | Туура-Суу-2 Сагынтай атындагы орто мектеби | 704 | 5 | 14.10.2026-ж. Саат 12-00 | Тѳрагасы: Бейшеев К.Б. Мүчөлөрү: Акатов У.Ж. Жунушова Г.Ү. Кызаева Н.М. Мамбетова К.Ш. Жекшенбеков Т. Турсуналиева Н.Т. |
| Баардыгы | 7469 | 50 |
|
|
Тѳрага К.Б. Бейшеев