КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА
РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 105
2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII "Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Жакышовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 105 токтомуна тиркеме |
2027-жылдын 27-январына (шаршемби) дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары - ЖМК), шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу | Шайлоо дайындалгандан кийин | БШК |
Шайлоону маалыматтык камсыздоо | |||
2 | ЖМКнын эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмада жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды БШКга берүүсү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 14-октябрына чейин) | БШК, ЖМК "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 20-бөлүгү |
3 | Эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмада жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматты БШКнын расмий сайтына жарыялоо | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 25 күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 19-октябрына чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү |
4 | Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларынын, шайлоонун жыйынтыктарынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү ЖМКда жарыялоого (чагылдырууга) тыюу салуу | Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнүндө (2027-жылдын 22-январынан баштап) | БШК, Шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 6-бөлүгү |
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участокторун түзүү | |||
5 | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участокторун түзүү | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) сунушу боюнча | ТИМ, БШК, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы конституциялык Мыйзамдын 13-1-беренесинин 2-бөлүгү |
6 | Шайлоо участоктору жөнүндө маалыматтарды БШКнын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана кабыл алган өлкөдө аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет жактардагы өкүлчүлүктөрүнүн сайттарына жайгаштыруу | Шайлоо участоктору бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен | ТИМ, БШК конституциялык Мыйзамдын 13-1-беренесинин 5-бөлүгү |
Майыптыгы бар шайлоочуларга добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | |||
7 | Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 28-ноябрына чейин) | Аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары - АШК), участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - УШК), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 6-бөлүгү |
8 | Добуш берүүчү жайларды майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарына ылайык келишин текшерүү | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 8-декабрына чейин) | АШК, УШК, ЖӨБО конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 6-бөлүгү |
9 | Добуш берүүчү жайдын майыптыгы бар шайлоочуларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө тиешелүү ЖӨБОлорго кайрылуу жөнөтүү | Шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 18-декабрына чейин) | АШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 6-бөлүгү |
Эл аралык жана коомдук байкоочулар | |||
10 | Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин | КР Президентинин Администрациясы, КР Жогорку Кеңешинин Аппараты, БШК конституциялык Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгү |
11 | Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин, аккредитациялоого өтүнмөлөр түшкөнүнө жараша (2027-жылдын 24-январына чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгү, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобонун 3.6-пункту |
12 | Коомдук байкоочуларды каттоо | Коммерциялык эмес уюмдар тарабынан тиешелүү документтер берилгенден кийин | ЦИК конституциялык Мыйзамдын 10-1-беренеси |
Шайлоочулардын тизмелери | |||
13 | Шайлоо участоктору боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмелерин мамлекеттик tizme.gov.kg порталына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калганда (2026-жылдын 8-ноябрына чейин) | "Кызмат" МИ, БШК конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгү |
14 | Шайлоочулардын алдын ала тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күн калганда (2026-жылдын 13-ноябрына чейин) | БШК, АШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 7-бөлүгү |
15 | Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын алдын ала тизмелерин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 70 календардык күн калганда (2026-жылдын 18-ноябрына чейин) | УШК конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгү |
16 | Шайлоочулардын тизмелериндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу (шайлоочу жөнүндө кандай гана ката болбосун, же так эместик аныкталган учурда) | Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 18-ноябрынан тартып 2027-жылдын 12-январына чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 2-бөлүгү |
17 | Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын контролдук тизмелерин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2026-жылдын 28-декабрына чейин) | УШК конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 4-бөлүгү |
18 | Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) тизмелерин түзүү жана аларды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 15-январына чейин) | Белгиленген мекемелердин жетекчилери, АШК конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 5-бөлүгү |
19 | Шайлоочулардын биротоло бүткөн тизмелерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жабдуулардын комплекттерин даярдоо үчүн электрондук түрдө өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда (2027-жылдын 17-январына чейин) | БШК, "Кызмат" МИ конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгү |
20 | Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын биротоло бүткөн тизмелеринин экинчи нускасын илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 20-январына чейин) | УШК конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгү |
21 | Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелерин БШКнын расмий сайтына жарыялоо | Добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 4-февралына чейин) | БШК, "Кызмат" МИ конституциялык Мыйзамдын 35-беренесинин 23-бөлүгү |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу | |||
22 | Талапкерлер, ЖМКлар, укук коргоо органдары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окутуучу семинарларды өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
23 | АШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана шайлоочуларды идентификациялоо операторлору үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо | |||
24 | Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталып, шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт (2026-жылдын 13-ноябрына чейин) | Жарандар, саясий партиялар конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү |
25 | Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга каттоо күбөлүктөрүн же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди берүү | Зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде | БШК конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгү |
26 | Талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактарын берүү | Шайлоо күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 8-декабрына чейин) | Талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 7-бөлүгү |
27 | Талапкерди колдогон колдордун аныктыгын текшерүү | Кол коюу барактары тапшырылгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө | БШК, Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 7-бөлүгү |
28 | Талапкерди каттоо үчүн документтерди БШКга берүү (конституциялык Мыйзамдын 49-беренесине жана 52-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык мурда берилген документтерге кошумча катары) | Шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 13-декабрына чейин) | Талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүгү |
29 | Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин текшерүү | Конституциялык мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди алгандыгы жөнүндө маалымкат талапкерге берилген учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде | БШК, Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык Мыйзамдын 50-беренесинин 4-бөлүгү |
30 | Талапкерге же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө документтердин толук эместигин жана/же дал келбестигин жоюу жөнүндө кабарлоо | Документтерди алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде | БШК, Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 8-бөлүгү |
31 | Талапкер же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан документтердин толук эместигинин жана/же дал келбестигинин жоюлушу | БШКнын билдирүүсүн алгандан кийин 48 сааттын ичинде | Талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 8-бөлүгү |
32 | Талапкердин документтерин текшерүү жана каттоо жөнүндө чечимди кабыл алуу | Бардык документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде | БШК, Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 2-бөлүгү |
33 | Зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана оңдолгон документтерди БШКга талапкерди каттоо үчүн берүү | БШКнын билдирүүсүн алган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде | Талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 2-бөлүгү |
34 | Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо | Шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда (2026-жылдын 23-декабрына чейин) | БШК, Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 5-бөлүгү |
35 | Катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөздө жарыялоо | Талапкерлер катталгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен | БШК конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгү |
36 | Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн талапкерге же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө берүү | Чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде | БШК, Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 4-бөлүгү |
37 | Талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызын БШКга берүүсү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 17-январына чейин) | Талапкер конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 6-бөлүгү |
38 | Талапкерлерге катталган датасы көрсөтүлгөн күбөлүктөрдү берүү | Катталгандан кийин 2 календардык күндүн ичинде | БШК конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 8-бөлүгү |
39 | Талапкердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүн каттоо | Талапкер катталгандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 24-январына чейин) | БШК, АШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгү |
40 | Талапкердин ишенимдүү адамдарын каттоо | Бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин (2027-жылдын 23-январында саат 18:00гө чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгү |
41 | Талапкердин байкоочуларын каттоо (ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден көп эмес) | Талапкер катталгандан кийин | БШК, АШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгү |
42 | Шайлоо бюллетениндеги талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү | Бардык талапкерлер катталгандан кийин | БШК конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 3-бөлүгү |
43 | Мамлекеттик телерадиокомпаниялардын каналдарындагы акысыз эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүү | Талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен (2026-жылдын 23-декабрына чейин) | Телерадиокомпаниялар, БШК конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин 9-бөлүгү |
Шайлоо алдындагы үгүт | |||
44 | Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү | Бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат (2026-жылдын 23-декабрынан тартып 2027-жылдын 26-январында саат 8:00гө чейин) | Талапкерлер, саясий партиялар, Кыргыз Республикасынын жарандары конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгү |
45 | Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга эркин үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылуу | Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин (2026-жылдын 23-декабрынан тартып 2027-жылдын 26-январында саат 8:00гө чейин) | Мамлекеттик органдар, ЖӨБО, АШК, БШКнын атайын өкүлдөрү конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 8, 9-бөлүктөрү |
46 | Маалыматтык жана үгүт материалдарын илүү үчүн ар бир шайлоо участогунун аймагында атайын орундарды берүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде (2026-жылдын 4-октябрына чейин) | ЖӨБО конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 3-бөлүгү |
Шайлоону каржылоо | |||
47 | Талапкердин шайлоо фондун түзүү | Шайлоо дайындалгандан кийин, документтер БШКга берилгенге чейин | Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран конституциялык Мыйзамдын 54-беренесинин 1-бөлүгү |
48 | Мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүү | Талапкердин өзүнүн шайлоо фонду түзүлгөндөн кийин, документтер БШКга берилгенге чейин | Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрү, 54-беренесинин 1-бөлүгү |
49 | Талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндөгү маалыматтарды берүү | Апта сайын, ал эми БШКнын талабы боюнча - 24 сааттын ичинде | Банктык же башка мекемелер, БШК конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 12-бөлүгү |
50 | Талапкердин БШКга шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчётторду берүүсү | Биринчи финансылык отчёт - добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калгандан кечиктирбестен (2027-жылдын 17-январына чейин) Экинчи жыйынтык финансылык отчёт - шайлоодон кийин 10 күн өткөндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 7-февралына чейин) | Талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү |
51 | Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операцияларды токтотуу | Добуш берүү күнүнөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 2-февралына чейин) | БШК, КТТ конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 14-бөлүгү |
Шайлоо бюллетендери | |||
52 | Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 2-январына чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгү |
Добуш берүү тартиби | |||
53 | Шайлоочулардан аларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндөгү арыздарды кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 24-январына чейин) | УШК, АШК конституциялык Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгү |
54 | Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8:00дөн 20:00гө чейин (2027-жылдын 26-январы) | УШК конституциялык Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгү |
55 | Добуш берүүнү өткөрүү | 2027-жылдын 27-январы (саат 08:00дөн 20:00гө чейин) | Шайлоо комиссиялары конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгү |
56 | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү өткөрүү | 2027-жылдын 27-январы (тиешелүү мамлекеттин жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин) | Шайлоо комиссиялары конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 16-бөлүгү, Чет жактарда жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобонун 26-пункту |
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо | |||
57 | Шайлоочулардын добуштарын саноо | Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт | УШК конституциялык Мыйзамдын 35-беренесинин 3-бөлүгү |
58 | Юридикалык мааниге ээ болбогон, алдын ала маалымат болуп саналган ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Келип түшкөнүнө жараша | БШК конституциялык Мыйзамдын 37-1-беренесинин 1-бөлүгү |
59 | Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 18 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 14-февралына чейин) | БШК, АШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 37-1-беренесинин 2-бөлүгү |
60 | Аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 19 календардык күндөн кечиктирбестен (2027-жылдын 15-февралына чейин) | БШК, АШК конституциялык Мыйзамдын 37-1-беренесинин 4-бөлүгү |
61 | Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо | Добуш берүү күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен (2027-жылдын 17-февралына чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 55-беренесинин 2-бөлүгү |
62 | Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын ЖМКда расмий жарыялоо | Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде | БШК конституциялык Мыйзамдын 58-беренесинин 2-бөлүгү |