Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 6-октябры № 1/22-91

 

“Жаңы-Алыш айылындагы фельдшердик-акушердик пунктка (ФАП) Абышев Ушурбектин атын ыйгарууга макулдук берүү” жөнүндө

 

Жаңы-Алыш айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын 25.09.2026 ж. №2 протоколунун негизинде, Жаны-Алыш айылынын айыл башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө жобого» ылайык, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин депутаттары талкулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алыш айылынын калкына медициналык жардам көрсөтүүдө жана айылдын өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымын, ошондой эле жергиликтүү тургундардын каалоосун эске алуу менен, Жаңы-Алыш айылындагы фельдшердик-акушердик пунктка (ФАП) Абышев Ушурбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Аталган ФАПка Абышев Ушурбектин атын ыйгаруу боюнча жогорку турган мамлекеттик органдардын алдында өтүнүч келтирүү колдоого алынсын.

3. Бул токтомдун негизинде тиешелүү документтердин топтомун даярдоо жана акыркы макулдашуудан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы көрүнүктүү ишмерлердин эсинде калтыруу боюнча комиссиясына (жана тиешелүү профилдик ведомстволорго) белгиленген тартипте жөнөтүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Сулаймановго жүктөлсүн

 

 

Кызыл-Октябрь айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Карамырзаев А.Т.