Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 6-октябры № 1/22-88

 

 “Жергиликтүү коомчулуктун курултайын (жыйындарын) даярдоо жана өткөрүү” жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы «V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» № 309 Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Элдик Курултай жөнүндө» Конституциялык Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү коомчулугунун өкүлдөрүнүн Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча кезектеги жыйындарын уюштуруу жана даярдоо максатында, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин депутаттары талкулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын аймактык жергиликтүү коомчулугунун жыйындарын (курултайларын) өткөрүүнүн графиги № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү коомчулугунун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү Н. Сулаймановго:

·         Жергиликтүү коомчулуктун жыйындарын өз убагында уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылсын;

·         Калкка жыйындардын өткөрүлүүчү орду, күнү жана убактысы тууралуу алдын ала маалымдоо иштерин жүргүзсүн;

·         Жыйындын жүрүшүндө коомдук тартипти жана уюштуруу-техникалык камсыздоону уюштурсун.

4. Жергиликтүү коомчулуктун жыйындарынын протоколдорун жол-жоболоштуруу жана Элдик Курултайга шайланган делегаттардын тизмесин тиешелүү органдарга өз убагында тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Сулаймановго жүктөлсүн

 

 

Кызыл-Октябрь айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Карамырзаев А.Т.

 

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

2026-жылдын «06» октябры

№1/22-88 токтомуна № 1-тиркеме

 

Жергиликтүү коомчулуктун жыйындарын өткөрүүнүн

ГРАФИГИ

 

№

Өткөрүлүүчү айыл / көчө / аймак

Өткөрүлүүчү күнү жана убактысы

Өткөрүлүүчү орду

Жооптуу адамдар

1

Кыз-Күйөө айылы

 12.10.2026-ж., убактысы:10:00

ФАП

Жумушчу топ

2

Чолок айылы

 

12. 12.2026-ж.,

убактысы:12:00

ФАП

Жумушчу топ

3

Жел-Арык айылы

12. 10.2026-ж.,

убактысы:13:30

ФАП

Жумушчу топ

4

Дорожный айылы

12. 10.2026-ж.,

убактысы:15:00

Маданият үйү

Жумушчу топ

5

Саз-Булак айылы

12. 10.2026-ж.,

убактысы:16:00

Маданият үйү

Жумушчу топ

6

Кызыл-Октябрь айылы

13.10.2026-ж

убактысы: 10:00

Маданият үйү

Жумушчу топ

7

Кашкелен айылы

13.10.2026-ж

убактысы: 12:00

Спорт комплекс

Жумушчу топ

8

Ак-Бекет айылы

13.10.2026-ж

убактысы: 14:00

Маданият үйү

Жумушчу топ

9

 

Жаны-Алыш айылы

14.10.2026-ж

убактысы: 10:00

Маданият үйү

Жумушчу топ

10

Ударник айылы

14.10.2026-ж

убактысы: 14:00

Спорт комплекс

Жумушчу топ

Кызыл-Октябрь айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Карамырзаев А.Т.

 

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

2026-жылдын «06» октябры

№1/22-88 токтомуна № 2-тиркеме

 

 

Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жумушчу тобунун курамы

 

 

Карамырзаев А.Т. Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин төрагасы

жумушчу топтун төрагасы

Курманалиева Г Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин жооптуу

катчысы, жумушчу топтун катчысы

 

Кезектеги V Элдик Курултайдын өткөрүү боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жумушчу тобунун курамы:

 

Каипова Д. Айыл башчы,жумушчу топтун мүчөсү

Матказиев О. Айыл башчы,жумушчу топтун мүчөсү

Абдыбеков Б. Айыл башчы,жумушчу топтун мүчөсү

Байрамкулов А. Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин депутаты,

жумушчу топтун мүчөсү

Иманалиев Н. Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин депутаты,