Редакцияот 18.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 18-сентябры № 629

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын башкаруу системасын өркүндөтүү, анын Уставын уюмдаштыруучунун функцияларына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставында:

– 19-пункттун он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«24. Компаниянын башкы директору Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.»;

– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«– Компаниянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу.»;

– 26-пунктта «Кеңештин макулдугу менен» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев