ЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 5-октябры № 133-нпа
«Базальт-композиттик арматура менен бекемделген бетон конструкцияларын долбоорлоо боюнча нускаманы (колдонуу үчүн колдонмо)» бекитүү жөнүндө
Базальт-композиттик арматуранын физикалык-механикалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана конструкцияларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо шарттарын эске алуу менен чыңалбаган базальт-композиттик арматура менен бекемделген бетон конструкцияларын долбоорлоону жана конструкциялоону методикалык жактан камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. «Базальт-композиттик арматура менен бекемделген бетон конструкцияларын долбоорлоо боюнча нускама (колдонуу үчүн колдонмо)» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык, бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Н.К. Орунтаев
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
________________________________________________________________
БАЗАЛЬТ-КОМПОЗИТТИК АРМАТУРА МЕНЕН БЕКЕМДЕЛГЕН БЕТОН КОНСТРУКЦИЯЛАРЫН ДОЛБООРЛОО БОЮНЧА НУСКАМА (КОЛДОНУУ ҮЧҮН КОЛДОНМО)
Инструкция по проектированию бетонных конструкций,армированных базальтовой композитной арматурой (руководство по применению)
Guidelines for the Design of Concrete Structures Reinforced with Basalt Fiber-Reinforced Polymer (BFRP) Rebar (Application Guide)
Биринчи жолу
______________________________________________________________________
Киргизүү датасы 2026.10.21
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Нускама чыңалбай турган базальт-композиттик арматура менен бекемделген имараттардын жана курулмалардын бетон конструкцияларын долбоорлоого тиешелүү (мындан ары – БКА).
1.2 Нускама Кыргыз Республикасынын климаттык шарттарында пайдаланылуучу БКА оор жана майда бүртүкчөлүү бетондордон конструкциялардыэсептөө жана конструкциялоо боюнча жоболорду белгилейт.
1.3 Бул нускаманынжоболору БКА катары колдонулганконструкцияларга жайылтылат:
- чоюлуу күчтөрүн кабылдаган узунунан жумушчу арматура;
- туурасынан арматура;
- бөлүштүрүүчү жана конструкциялык арматура;
- температура жана кичирейүү таасирлерин кабыл алуу үчүн орнотулган арматура.
1.4 Ушул нускама бетондун жана БКАнын узак мөөнөттүү пайдаланууга жарактуулугу боюнча ушул нускамада белгиленген талаптар сакталган шартта агрессивдүү эмес жана агрессивдүү чөйрөлөрдө эксплуатациялануучу бетон конструкцияларын БКА менен долбоорлого колдонулат.
1.5 Бул нускаманын жоболоруБКАдан бетон конструкциялардыэсептөө жана конструкциялоо бөлүгүндө КР КЧ 52-02 талаптарынтолуктайт.
1.6 Бул нускама долбоорлооүчүн колдонулбайт:
- БКА менен алдын ала чыңалган конструкциялар;
- БКА жана болот арматурасы менен аралаш бекемделген конструкциялар;
- тышкы же ички композиттик арматура менен бекемделген конструкциялар;
- колдонулуучу БКА үчүн белгиленген жол берилген маанилерден ашкан температуранын системалуутаасирине дуушар болгонконструкциялар;
- эгерде алардын аткарылышы эсептөөлөр жана сыноолор менен ырасталбаса, отко туруктуулук боюнча атайын талаптар коюлуучу конструкциялар;
- уруучу, жарылуучу жана көп жолу кайталануучу динамикалык таасирлерге дуушарболгон конструкциялар;
- гидротехникалык курулмалар, көпүрөлөр, жол жана аэродром төшөлмөлөрү, ошондой эле долбоорлоосу өзүнчө ченемдик документтер менен жөнгө салынган башка атайын курулмалар.