Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX- чакырылыштагы Каркыра айылдык кеңешинин кезексиз
14-сессиясы
ТОКТОМУ № 108
2026-жылдын 9-апрели
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Каркыра айыл өкмөтүнүн кайрылуусун ошондой эле Түп райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жер тилкесин пландык чиймеси жөнүндө аныктамасын жана Жер Кодексинин 22- беренесине ылайык Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылынын калктуу конуш жерине курулган учурдагы бала бакчаны жер тилкеси менен Каркыра айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага С.А. Жангабылов