Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX- чакырылыштагы Каркыра айылдык кеңешинин кезексиз
14-сессиясы
ТОКТОМУ № 109
2026-жылдын 09-апрели
Каркыра айыл аймагы боюнча таалчылык жумуштарына кызмат
көрсөтүүчү айыл чарба техникалардын акыларын, ошондой эле мал
чарбачылыгы боюнча жайлоого чыккан малдардын жана малчылардын
багуу акыларын бекитүү жөнүндө
Каркыра айыл өкмөтү сунуштаган жер-жерлерде өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып Каркыра айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Каркыра айыл өкмөтү боюнча талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүүчү айыл чарба техникалардын акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
Айдоо – 2000сом, 25 л солярка;
Дың жерди айдоо -2000сом, 30 л солярка;
Тырмоо- 500сом, 10 л солярка;
Малалоо -700 сом, 10 л солярка;
Беде тырмоо -1000 сом, 7 л солярка;
Доминатор-1000 сом, 10 л солярка;
Себүү -60 сом, 10 л солярка;
Катки -500 сом, 5 л солярка;
Комбайн-2000сом, 20 л солярка (солярка ичинде болсо 3500 сом);
Германка -1000 сом, 10 л солярка;
Ротор косилка -1200 сом, 10 л солярка;
Косилка -1500 сом, 10 л солярка;
Пресс подпорщик (жиби ичинде) – 1 тюк 15 сом -1 га/10л солярка, жиби жок болсо 1тюк 14сом -1га/10 л солярка;
Капалка 4500сом, 30 л солярка.
2.Мал чарбачылыгы боюнча жайлоого чыккан малдардын жана малчылардын багуу актылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Жайлоого чыкан ар бир малдын башына төлөнө турган жайыт акысы;
Жылкы-100 сом (+100 сом токой чарбасына же Ак-Суу районунун жайытына барса);
Уй, торпок-100 сом (+100 сом токой чарбасына жер Ак-Суу районунун жайытына барса);
Кой, эчки-25 (+25 сом токтой чарбасына же Ак-Суу районунун жайытына барса).
-Малчылардын мал багуу акылары;
Бодо малга - 700сом;
Кой -150 сом;
Жылкы-700 сом;
Бада -800 сом.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага С.А. Жангабылов