Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX- чакырылыштагы Каркыра айылдык кеңешинин кезексиз
15-сессиясы
ТОКТОМУ № 114
2026-жылдын “16” 04
Каркыра айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын
Уставын бекитүү жөнүндө
Каркыра айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын Уставынын долбоору Каркыра айыл аймагы боюнча жер-жерлерде жыйындарда талкуулангандыгын эске алып Каркыра айылдык кеңешинин 15 сессиясы токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каркыра айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын Уставы белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага С.А. Жангабылов
Каркыра айыл аймагыын жергиликтүү жамааттардын
УСТАВЫ
Биз, Каркыра айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, айыл аймагыбызды/ шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1.Жалпы жоболор
1.Каркыра айыл аймганын жергиликтүү жамаатынын Уставы
-Жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарда) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Каркыра айыл аймагынын бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2.Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат- айыл аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар- мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер ( элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/ жыйындарды өткөрүү тортору).
Муниципалдык менчик-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси-жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун ( токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгилен тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө -жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3.Айылдык аймактын территориясы
3.1.Административдик -аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Каркыра айыл аймагынын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
-Талды-Суу, Ичке-Суу,Көөчү, Корумду, Чоң-Таш, Жылуу-Булак, Байзак, Кең-Суу, Сары-Тологой, Санташ жана Каркыра айылдары.
4.Жергиликтүү жамаат
4.1.Жергиликтүү жамаатты Каркыра айыл аймагында туруктуу жашап, жалпы кызыкчылыктары менен биригип, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги астында чечүүгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жаш курагы 16 жаштан жогорку мүчөлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышууга тең укуктуу.
4.3.Жергиликтүү жамаат эл аралык, республикалык бирликтерге жана ассациацияларга киргенге укуктуу.
4.3.Жергиликтүү жамаат, улуттук тарыхый, мадания жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган, жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилген расмий символдорду белгилөө укукгуна ээ.
5.Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүк
5.1Кыргыз Республикасынын мыйамдары менен белгиленген тартипте каттоодон өткөн жаран бир жерде жашаса Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоо жана шайлануу укугусуз, жергиликтүү жамааттын укуктарынан пайдалана алышат.
6.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Укуктары:
-Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
-демилгелүү топторду түзүү жана долбоорлорду иштеп чыгууга, айылдын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышуу;
-шайлоолордо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарында иштөөгө катышуу;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарга арыздар, даттануулар жана маалымат сырлардан башка, маалымат алуу;
-коомдук иш-чараларга, айылдык жыйындарга , коомдук угуулардын айылдык кеңештин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышу;
-башка мүчөлөрдөн Уставды жана мыйзамдарды сактоосун талап кылуу, зарыл болсо укук коргоо органдарына кайрылуу;
-жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу жана чыгымдар боюнча маалымат алуу;
-ыктыярдуу түрдө жергиликтүү жамааттан чыгуу;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомчулуктун Уставы менен белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
-жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2.Милдеттери:
-Конституцияны, мыйзамдарды жана Уставды сактоо;
-башка мүчөлөрдүн укуктарын урматтоо;
-дискриминацияга жол бербөө;
-этникалык жана социалдык конфликттерди алдын алуу;
-жаратылышты жана муниципалдык менчиктерди алдын алуу;
-жаратылышты жана муниципалдык менчиктерди коргоо;
-жайыт, суу жана коомдук жайлар боюнча эрежелерди сактоо;
-санитардык эрежелерди сактоо;
-жайыт, суу жана коомдук жайлар боюнча эрежелерди сактоо.
-мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөө;
-турмуш тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга ( социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катыша алат;
-калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоо;
-калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, венеринардык жоболорду сактоо;
-мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайуу;
-ар бир улуттук намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
-уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөө;
-үй бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарын жамааттар тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде өткөрүү.
7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу-жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү белгиленген.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан өкүлчүлүкт.. жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырат.
8.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1.Каркыра айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-органдары -айылдык кеңеш, айыл өкмөтү өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченеидик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
8.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу.
8.3. Айыл өкмөтү маанилүү маселер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, айылдык кеңештин жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү учурунда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
8.4. Айылдык кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдеттүү. Конституцияга жана мыйзамга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.
9.Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер-бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын карамагына берилген маселелер.
9.2.Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары мамлекеттик органдарын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
9.3.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жаматтын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
9.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар жана жаштар боюнча коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
10.2.Бул уюмдардын уюштуруу формалары ушул Уставда жер алардын ички жоболорунда аныкталат.
11.Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары
11.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү мааанилүү жергиликтүү маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.
11.2.Жыйындардын жана курултайлардын кабыл алынган сунуштамалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилет.
11.3.Жамааттын мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомчулук төмөнкү тикелей эрк билдирүү формаларын колдонууга укуктуу;
-жыйындар;
-коомдук угуулар;
Ушул Уставда каралган башка формалар.
11.4. Тикелей эрк билдирүүнүн формалары коомчулуктун ачык айкындуулугун жана мүчөлөрдүн кеңири катышуусун камсыз кылууга багытталат.
11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймктын жашоо тиричилигин уюштуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелрди чечет (КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы, (27-берене).
11.6.Мамлекеттик органдардын ыйгарым укугуна кирбеген жана мыйзамдарга каршы келбеген, жергиликтүү жамаат өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө (географиялык, салттык, этностук ж.б.) жарша кошумча мамлелерди жергиликтүү жамааттын Уставында аныктоого укуктуу.
12.Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
12.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча токтом долбоорун демилгелөө укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабьынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелик чыккан жана айылдык кенешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
12.2. Чет элдиктер, эркиндигинен ажыратылган, мыйзамсыз аракетке жөндөмсүз жарандар демилгеге катыша албайт.
12.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргилген шарттарда жол берилбейт.
12.4.Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеңешке киргизилбейт.
13.Демилгелүү топтун иши
13.1.Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Каркыра айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет)
13.2.демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү кеңешке киргизет.
-Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн
Саны Каркыра айыл аймагы боюнча 1000 адамды түзөт.
13.3.Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
-токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
-токтомдун долбоорунун тексти ,ошондой эле анын электрондук версиясы;
-маалымкат-негиздеме;
-айылдык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана /же толуктоолро киргизилген учурда салыштырма таблица;
-төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамаатын мүчөсүнүн фамилиясы,аты.атасыны аты,туулган датасы,жашаган (туруктуу)жерии,паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган кол коюу барагы.
13.4.Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү тарабынан киргизилген айылдык кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтқ турган кезектүү(кезексиз)туруктуу комиссиянын жыйынында жана айылдык кеңештин сессиясында каралууга жатат,Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт,
13.5.Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жңы чакырылштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.
13.6.Элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу,коркутуу,бурмалоо же бөгөт коюу аракеттери мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат.
14.Элдик жыйын (чогулушту)
14.1.Элдик жыйын (чогулуш)жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын пикирлерин эске алуу,айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуу жана талкулоо максатында өткөрүлөт
14.2. Элдик жыйын (чогулуш)бир көчөнүн,кварталдын,кичи райондун же айылдын жашоочуларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана анын жыйынтыгында сунуштар кабыл алынат.
14.3. Элдик жыйын (чогулуш)ачык -айкын өткөрүлөт.Түшкөн суроолорго жана сунуштарга мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде жооп берилет,жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралып,жыйынтыгы жазуу жүзүндө билдирилет.
14.4. Элдик жыйындарды (чогулуш)өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат.
15.Элдик жыйында (чогулуш) каралуучу маселелер
15.1.Элдик жыйында(чогулуш) төмөнкү маселелер каралат:
-жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору жана ага өзгөртүүлөр;
-аймакты өнүктүрүү программалары жана пландары(СЭӨП ж.б.);
-айылдын,көчөнүн,кварталдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттер;
-этностор аралык ынтымакты бекмдөө жана алдын алуу иштери;
-муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери;
-коммуналдык кызматтар жана тарифтер боюнча сунуштар;
-көрктөндүрүү, турак жай жана инфраструктура маселелери;
-элдик демилгелер;
-айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын отчетору;
-административдик-айймактык өзгөрүүлөр боюнча маселелер;
-жергиликтүү жамааттын жашоосуна байланышкан башка маселелер.
16.Элдик жыйынды(чогулушту) өткөрүүнүн демилгеси жана
мезгилдүүлүгү
16.1. Элдик жыйында(чогулуштар) айыл өкмөтүнүн башчысы , айылдык кеңеш,депутатттар же жергиликтүү жамааттын демилгеси менен ,бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
16.2.кечиктирилгис маселелер боюнча чогулуштар шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
16.3.Демилгелүү топтун минималдуу саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарбынан аныкталат.
16.4. демилге жазуу жүзүндө айыл өкмөтүнүн башчысына же айылдык кеңештин төрагасына берилет.
17.Элдик жыйынды(чогулушту) өткөрүү жөнүндө кайрылуу
17.1.Кайрылууда жыйынды(чогулушту) өткөрүүнүн негиздемеси,болжолдуу катышуучулардын саны, өткөрүүчү орду жана каралуучу маселелер көрсөтүлөт.
17.2.Кайрылуу 14 күндүн ичинде каралат.
17.3.Кайрылуу мыйзам талаптарына туура келбеген учурда, же маселени башка жол менен чечүүгө мүмкүн болсо, чогулушту өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
17.4.Жыйынды (чогулушту) өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
18 Элдик жыйынды(чогулушту) уюштуруу
18.1. Жыйынды(чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечимде өткөрүүлүчү орду,датасы,убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт.
18.2.Жашоочуларга жыйын(чогулуш) боюнча маалымат кеминде 5 көн мурда маалымдалат.
18.3.Айыл өкмөтү жыйынды(чогулушту) уюштурууну,катышуучулардын эркин келүүсүн,протокол жүргүзүүнү жана жыйынтык документтерди даярдоону камсыз кылат.
19. Элдик жыйынды(чогулушту) өткөрүүнүн тартиби
19.1Жыйында(чогулушта).Жыйында(чогулушта)төрага жана катчы шайланат,күн тартиби көпчүлүк добуш менен бекитилет.
19.2. Жыйында(чогулушта).баяндамалар угулат , суроолор жана сунуштар айтылат.
19.3.Чечимдер жана сунуштар ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат.
19.4.Жыйындын(чогулуштун) жыйынтыктары протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлөт.
19.5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган сунуштар боюнча бир айдын ичиндее калкка маалымат берүүгө милдеттүү.
19.6. Жыйындын(чогулуштун)укук ченемдүүлүгү катышуучулардын минималдуу саны менен аныкталат, ал жергиликтүү жамаат тарабынан белгиленет.
20.Коомдук угуулар
20.1. Коомдук угуулар-жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча калктын пикирин угуу, сунуштарды жана сын пикирлерди алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен өткөрүлүүчү ачык талкууу.
20.2.Коомдук угуулар калктын талкууланып жаткан чечимге болгон мамилесин аныктоого,жарандардын суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталат.
20.3.Коомдук угуулар жергиликтүү жамаатын пикири өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча өткөрүлөт.
20.4.Коомдук угулар төмөнкү маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:
-жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
-өнүктүрүү программаларынын жана пландары;
-муниципалдык менчикти башкаруу;
-коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү;
-жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна байланышкан башка маселелер.
20.5.Коомдук угуулар,мүмкүн болушунча, бир гана маселе боюнча өткөрүлөт.
20.6.Коомдук угуулар жергиликтүү бюджет жана өнүктүрүү программалары боюнча милдеттүү түрдө, ал эми тарифтер жана башка маселелер боюнча зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
20.8. Коомдук угуулар катышуучулардын минималдуу саны камсыз болгондо укук ченемдүү болуп саналат.Катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
21.Коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби
21.1. коомдук угуунун датасы,орду, убактысы жана талкуулануучу маселеси алдын ала аныкталып калкка жарыяланат.
21.2.Талкууланучу документтердин долбоору коомдук угууга чейигн калкка маалымат жеткирилет.
21.3. Коомдук угууда алып баруучу жана катчы дайындалып,сунуштар жана пикирлер протоколго киргизилет.
21.4.Коомдук угунун жыйынтыгы протокол менен таризделип,жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргнадары тарабынан эске алынат.
21.5. каркыра айыл өкмөтү коомдук угунун жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде калкка маалымат берет.
22.Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу
22.1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү аркылуу катышууга укуктуу.
22.2.Жергиликтүү жамааттын катышуусу муктаждыктарды биргелешип иликтөө,талкулоо жана артыкчылыктуу маселелерди аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
22.3.Муктаждыктарды биргелешип иликтөө калктын ой-пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.
22.4. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
-жынысына,расасына,улутуна,тилине,туткан динине,кызматтык жана мүлктүк абалына көзь карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
-мамлекеттик уюмдардын,ишканалардын, мекемелердин,мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн,коммерциялык эмес уюмдардын,коомдук бирикмелердин ж.б.өкүлдөрү;
-Каркыра айылдык кеңешинин депутатттары;
-каркыра айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
23.Жергиликтүү жамааттын негизги принциптери:
-Жергиликтүү жамаат элдин биримдигин,ынтымагын,коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоону, жашоо шартын жакшыртууну максат кылат.
-Аймакта жашаган элдин үрп-адаттын,салтын сактап, заман талабына ылайык өнүктүрөт.
-ар бир жамаат мүчөсү коомдук жашоого активдүү катышууга,эрежелерди сактоого,жергиликтүү бийликке талап коюу менен бирге жардам берүү.
-Аймактын өнүгүшүнө салым кошуу-жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты.
23.1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери;
-Жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн
Жогору карай(үй,көчө,кварталдан айыл же шаарга чейин)түзүлөт.Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып,талкууга,андан кийин биргелешкен ишке өтөт.
-биринчи этапта жашоочулар чогулуп таанышып,аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандар тандалат.
-Жергиликтүү жамааттын мүчөсү-шарттарды жакшыртуу үчүн бийликке гана талап коюу эмес ,жамааттын ишине өз алдынча активдүү катышууну талап кылат.
-Демилгечи жана активдүү жарандар жолугуп ,тажрыйбалуу башка жамааттар менен таанышып,алардын ишин үйрөнүшөт.
-бардык катышуучулар менен бирге эмгек акциясы(тазалоо,көрктөндүрүү,оңдоо)өткөрүлөт.
23.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо тиричилигинин эрежелери:
-Уставда мыйзамда так аныкталбаган жеишке ашыруусу татаал болгон,ошондой эле жергиликтүү бийликти н түз компентенциясына кирбеген маселелерди чечүү тартиби белгилениши мүмкүн.
Ички эрежелерди бузган учурда төмөнкү жаза чаралары колдонулат:
-эскертүү;
-Эрежелердин бузулушун каттоо өндүрүү иштери жамааттын кичи ккеңеши тарабынаан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.
23.3.Калктуу конуштарда мал ,ит,мышык жана канаттууларды кармоо эрежелери;
-Мал-жандыктарды жана канаттууларды кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү эрежеге ылайык жүргүзүлөт.
-Ар бир кожолук малын,ит-мышыгын өз убагында каттоодон өткөрүп,ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү.
-МАл ээлери малын айыл өкмқтү белгилеген жайытттарга,көрсөтүлгөн мөөнөтө гана жаюуга тийиш.
-Жаныбарларды көчөлөрдө,сейил бактарда,аянттарда жана эс алуу жайларында бош багуууга тыюу салынат.Ти-мышык кожоюну менен жипке байланган абалда болушу керек.
-Кароосуз калган жаныбарлар зыян келтирсе,эскертүү берилет.
-Тыюу салынган жайыттарга мал жаюуга,белгиленген убакыттан кеч же эрте көчүүгө болбойттт.Кароосуз мал убактылуу кармоочу жайга айдалат.
-аылдарда малды көзөмөлдөө үчүн бада уюштурулат.Эгинге же жер тилкелерине зыян келтирилсе,мал ээси же бадачы мыйзам чегинде жоопкерчилик тартат.
23.4.Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин эрежелери;
-Жалпы пайдалануудагы жерлер-бардык адамдар эркин пайдалана алган коомдук аймактар.
-Жолдор,көчөлөр ,тротуарлар,парктар,скверлер,аянттар,таштанды жайлары,көп кабаттуу үйлөрдөн подъездери,лифтер,чердак,подвал,үйдүн айланасы,көлмөлөр жана пляждар кирет.
-Бул жерлерди тазалоо жана сактоого жергиликтүү эл биргелешип жооп берет.
-Жалпы пайдалануудагы жерлердин чек-аралары так аныкталууга тийиш.
- Бул жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынат.
-Убактылуу соода же тамак-аш жайларын коюга уруксат берилиши мүмкүн.
-Жалпы пайдалануудагы жерлер өз багытына ылайыык колдонулушу керек.
23.5.Калктуу конуштарда сугат суусун биргелешип пайдалануу эрежелери:
-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.
-суу пайдалануучулар болуп жарандар,уюмдар, жана жеке жана юридикалык жактар эсептелинет.
-Сугат суусу огородду,там арканы,эгинди жана малды сугаруу үчүн пайдаланылат.
-Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы(СПА) менен бирге сууну бөлүштүрөт,сугаруу убатысын жана кезектүүлүгүн бекитет жана көзөмөлдөйт.
-Сууну туура жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мураб дайындалат.
-Сууну максатсыз же ысырап менен пайдалануу эрежени бузуу болуп эсептелет жана айып пул пул салынат. Бузуу жоюлбаса,суу пайдалануу укугу чектелет.
-Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.6.калктуу конуштарда ичүүчү сууну биргелешип пайдалануу эрежелери:
-Ичүүчү сууну колдонуу «Ичүүчү суу жөнүндө» КР Мыйзамы менен жөнгө салынат.
-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга милдеттүү.
-Ичүүчү суу менен камсыздоо шаарларда «Сууканал»,айылдарда айылдык ичүүчү суу бирикмелери тарабынан келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
-Суу керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапаты жана анын стандарттарга ылайыктыгы жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
Абоненттер милдеттүү.
-суу эсептегичти(водомерди)орнотууга,сактоого жана тоңуудан коргоого;
-керектелген суу үчүн эсептегичтин көрсөткүчү боюнча өз убагында акы төлөөгө.
-Суунун сапаты кооптуу болсо,тиешелүү кызматтар калкты дароо кабардар кылууга тийиш.
-Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.7.Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгындагы иш-чараларга катышуу эрежелери:
-Жамааттык иш-чаралар жарандардын руханий,физикалык жана социалдык муктаждыктарын калыптандыруу,элди бириктирүү жана ынтымакты чыңдоо үчүн өткөрүлөт.
Бул иш-чараларга ишембиликтер,эмгекакциялары,маданий(майрамдар,фестивалдар,концерттер,жарманкелер)жана спорттук иш-чаралар кирет.
-Иш-чаралар жамааттын сунуштарынын негизинде айыл өкмөтү /мерия менен макулдашылып,алдын ала бир жылдык план боюнча уюштурулат.зарыл болсо планга өзгөртүү киргизилет.
-Иш-чаралар жөнүндө маалымат(максаты,убактысы,орду ж.б.) уюштуруучулар тарабынан кулактандыруу,WhatsApp топтору жана башка жолдор менен жамаатка жеткирилет.
-ишембиликтер жана эмгек акциялары-жалпы кызыкчылыктагы расмий иш-чаралар болуп саналат жана тазалоо, оңдоо,көрктөндүрүү менен катар жамааттык жоопкерчиликти күчөтөт.
-Жамаат мүчөлөрү мындай иш-чараларга катышууга милдеттүү.Катышууга мүмкүн болбосо,үй-бүлө мүчөсүн жиберүү же акча/тамак-аш менен компенсациялоо мүмкүн.
23.8. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуу эрежелери:
-Коомдук тартипти сактоо ички иштер органдары менен жамааттын биргелешкен аракеттери аркылуу жүргүзүлөт.
-Жергииликтүү жамааттар жергиликтүү бийлик менен бирге коомдук тартипти сактоого катышат.
-Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу негизде 10-15 адамдан турган элдик дружиналар түзүлөт.
-Айылдык кеңеш дружинаны каттайт жана ички иштер органдары менен бирге мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин түшүндүрүп,күбөлүк жана айырмалоочу белги менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
-элдик дружина патрулдук маршруттарды жана графикти түзөт:жайкысын-дем алыш күндөрү, чукул кырдаалда-күн сайын.
-Элдик дружина милиция жана аксакалдар соту менен тыгыз иштеп,коомдук коопсуздук боюнча маалымат алмашып турат.
23.9.Жергиликтүү жамаатта адеп ахлакты, салт -санааны жана коомдук биримдикти бекемдөө эрежелери:
-Каада-салттарды жана үрп адаттарды сактоо-жамаатта ынтымакты,тынчтыкты,адеп-ахлакты жана улуттук баалуулуктарды(меймандостук,боорукердик,мекенчилдик ж.б.)бекемдөө.
-жаш муунду ыймандуулукка,адептүүлүккө,жоопкерчиликке,улууларды сыйлоого жана эл-журтка кызмат кылууга тарбиялоо.
-Саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак жайларда,ага жакын аймактарда,коомлук жана социалдык мекемелерде ызы-чууну күчөтүүгө тыюу салынат.
-Жылына бир жолу» Айыл аймагынын күнү» өткөрүлүп,жетишкендиктер,жалпы жамаат мүчөлөрү менен белгиленет.
-Бул эрежелерди аткарбоо үчүн уставга ылайык жоопкерчилик каралат.
23.10.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери:
-жамаат баланын төрөлүшү,кыз узатуу,келин алуу, кудалашуу,конок күтүү жана белек берүү сыяктуу үй-бүлөлүкк салтанаттарды улуттук салтка ылайык,заман талабына жараша өткөрүүнү колдойт.
-Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер эске алынып, жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет.Ысырапкорчулукка жана ашыкча мактанууга жол берилбейт.
-Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып,салтанаттын убактысы,орду,узактыгы,катышуучулардын саны,автоунаалар,союлуучу мал жана ббелектер боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан аныкталат.
23.11.Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү эрежелери:
- Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чаралары жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери эске алынып,ашыкча шаңданууга жана мактанууга жол бербөө максатында жыйындарда жан курултайларда жобо иштелип чыгып,бекитилет.
-Маркумга байланышкан иш-чараларга сөөк коюу, кыркылык жана аш берүү кирет.
-Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн бул иш-чаралардын убактысы,орду,узактыгы,союлуучу малдын саны,белек жана тартуулардын түрү менен көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде аныкталат.
23.12.Жергиликтүү жамаатта пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды чечүү эрежелери:
-Жамаат өз аймагындагы жана ички жашоого байланышкан пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды кароого укуктуу.
-Чырчатактар ар кандай себептерден чыгышы мүмкүн жана алар терс да ,оң(көйгөйдү чечүүгө жардам берген)мүнөздө да болот.
-Эки же андан көп топтун ортосунда чыр чыкса ,аны кароо үчүн калыс топ түзүлөт. Калыс топко жергиликтүү кеңеш,айыл өкмөтү/мерия ,аксакалдар соттору,ардагерлер,аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү кирет.
- Калыс топ тарап тарды кезеги менен угат,суроо-жооп уюштурат жана ачык талкуу жүргүзөт.Топтун мүчөлөрү пикирлерин билдирип,улуусунун жыйынтык чечими менен бүтүм чыгарат.
Эгер тараптар макул болбосо,жаңы калыс топ түзүлүп,маселе кайрадан ошол эле тартипте каралат.
23.13.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл тарабынан шайланган же түзүлгөн коомдук уюмдар мыйзамдарда жана жоболордо көрсөтүлгөн тартипте эл алдында отчет беришет.
-Отчет угуу убактысы жамаат (кичи кеңеш) жана жергиликтүү бийлик тарабынан элдин пикири эске алынып,жарым жылда же жылына бир жолу белгиленет. Отчет берүү күнү жана убактысы алдын ала жетекчилерге жана кабарланат.
-Отчетторго жамааттын бардык аймактарынын өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалат жана суроо-жооп жана талкуу жүргүзүлөт.Жыйынтыгы боюнча «канаттандырарлык» же «канаттандырарлык эмес» деген баа берилет.
23.14.Жергиликтүү жамааттын башка жамааттар менен алака жүргүзүүсү:
-Жамаат коңшулаш же башка жергиликтүү жамааттар менен ынтымакта жашоо, кызматташтык, чарбалык жана башка маселелер боюнча алака түзө алат.
-Ушул Уставга жанааа катышуучу жамааттардын уставдарына ,ошондой эле жазуу жүзүндөгү же оозеки макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт.
-Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду
Фондду түзүү жана :
-Жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу түрдө белгиленген өлчөмүндө өжздөрүнө салык салып ,фондго салым кошушат.
-Бул маселе жамааттын чогулуштарында,квартал,көчө жана көп кабаттуу үйлөрдүн жыйналыштарында талкууланып чечилет.
Кошумча салымдар:
-Фондго жамааттын мүчөлөрү гана эмес, башка жеке адамдар жана юридикалык жактар да салым кошо алышат.
Каттоо:
-Фонд»Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм болуп, мамлекеттик каттоодон өтүп, мыйзамга ылайык иштейт.
Фонддун каражаттарын колдонуу:
-каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелерди маселерди чечүүгө жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Долбоорлор ар түрдүү багытта болушу мүмкүн:
-ишкерчилик(Бизнес-Инкубатор);
-өнөр жана кесипке үйрөтүү;
-адеп ахлактык тарбиялоо.
Долбоорлорду тандооо жана каржылоо:
-Конкурстук комиссия(абройлуу адистер жана жергиликтүү кеңештин депутатттары)долбоорлору карайт
-Жактырган долбоорлор фонд тарабынан каржыланат.
24.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
24.1. Жергиликтүү жамааттынн артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү жүргүзүлөт.
24.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү;
-социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, долбоорлордун жана демилгелердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
-кызматтарды жана иш аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
24.3.биргелешкен мониторинг жана баа берүү үчүн жергиликтүү кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
24.4.Жумушчу топтордун курамына жергиликтүү кеңештин депуттары,демилгелүү топтордун өкүлдөрү,жарандык коом жана жергидликтүү жамааттын мүчөлөрү кире алат. Курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
24.5. Жумушчу топтор:
-маалыматтарды жана документтерди талдоого;
-сурамжылоолорду жүргүзүүгө;
-долбоорлордун жана кызматтардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
-сунуштамаларды берүүгө укуктуу.
24.6.Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн жыйынтыктары калкка жеткликтүү түрдө жарыяланат жана талкуулоого чыгарылышы мүмкүн.
25. Муниципалдык менчик
25.1. Муниципалдык менчик-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш - милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги.
25.2.Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өзз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
26.3.Муниципалдык менчикке кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк,акча каражаттары жана кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамында каралган башка мүлктүк укуктар кирет.
26.4.Муниципалдык менчик объекттеринин реестри жүргүзүлөт жана ал жарандар үчүн жеткиликтүү болот.
27. Жергиликтүү бюджет.
27.1. Жергиликтүү бюджет-жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана шаардык мерия,айыл өкмөтү тарабынан аткарылат.
27.2.Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгашалардан турат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
27.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы ачык каралат, алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.
27.4.Бекитилген бюджет жана аткаруу боюнча отчет расмий түрдө жарыяланат.
28.Сыйлоо чаралары
28.1. Сыйлоо үчүн негиздер:
-Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаруу;
-жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу;
-Жеке жана үй -бүлөлүк жүрүм-турум;
-кайрымдуулук жана спонсорлук ишмердүүлүк;
-Аймактын социалдык-эконмикалык өнүүгүсүнө салым кошуу;
-Жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышуу;
Сыйлоо түрлөрү.
-Алкыш жарыялоо;
-Баалуу белектер,акчалай сыйлыктар,грамоталар;
-Ардактуу наамдар;
-«Мыкты үй-бүлө»,«Үлгүлүү көчө»,»Үлгүлүү айыл»;
-«Айыл аймактын ардактуу атуулу»,
-ардак тактага илүү ,ардак китепчесине киргизүү;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.
Сыйлоо тартиби:
Сыйлоого сунуштоо:жашоочулар чогулушу0аксакалдар соту,коомдук уюмдар,айылдык кеңештин депутатттары тарабынан.
Жогорку наамдардын өзгөчөлүгү:
-«Каркыра айыл аймагынын Ардактуу атуулу»эң жогорку наам;
-«Өнүгүүгө өзгөчө салым кошкондорго берилет.
28.2.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандарга моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
28.2. Сыйлоо чараларын колдонууу тартиби айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечимдери менен аныкталат.
29.Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29.1. Кызмат адамдары Уставды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
30.Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби
30.1.устав жыйындарда же курултайда талкулангандан кийин Каркыра айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынат(өзгөртүлөт,толукталат)жана депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет.Уставга өзгөртүү жана толуктоолор жамааттын мүчөлөрүнүн же айылдык кеңетин депуттарынын кеминде үчтөн бири тарабынан демилгениши мүмкүн.
30.2. Устав белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына милдеттүү түрдө каттоодон өтөт.УСтавды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт расмий жарыялангандан кийин уставдын тексти менен бирге Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
Катталды:
Каркыра айыл өкмқтүнүн
2026-жылдын