Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешинин кезексиз
15-сессиясы
ТОКТОМ №115
2026-жылдын “17”апрели
Каркыра айылдык кеңешинин 2026-жылдын 09-апрелиндеги
№ 109 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каркыра айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл аймак боюнча талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүүчү айыл чарба техникалардын акыларын кайрадан карап чыгуу, ошондой эле мал жандыктарды өз убагында көчүрүү боюнча № 109 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча депутаттардын сунушун эске алып Каркыра айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Каркыра айылдык кеңешинин 2026-жылдын 09-апрелиндеги
№ 109 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Талаачылык жумуштары үчүн;
Айдоо - 1500 сом, 25 л солярка;
Дың жерди айдоо - 2000 сом, 25 л солярка;
Тырмоо - 500 сом, 10 л солярка;
Малалоо - 700 сом, 10 л солярка;
Беде тырмоо - 500 сом, 5 л солярка;
Чөп тырмоо – 1000 сом, 7 л солярка
Доминатор (фрейзер) - 2500 сом, 10 л солярка;
Дискалоо - 600 сом, 10 л солярка;
Себүү - 600 сом, 10 л солярка;
Катки - 500 сом, 5 л солярка;
Комбайн - 2000 сом, 20 л солярка (солярка ичинде болсо 3500 сом);
Германка - 1000 сом, 10 л солярка;
Ротор косилка - 1200 сом, 10 л солярка;
Косилка - 800 сом 10 л солярка;
Пресс подпорщик (жиби ичинде) – 1 тюк 15 сом - 1га/10 л солярка,
жиби жок болсо 1 тюк 14 сом -1га/10 л солярка;
Капалка – 4500 сом, 30 л солярка.
-Жайлоого чыккан ар бир малдын башына төлөнө турган жайыт акылары;
Жылкы - 100 сом (+100 сом токой чарбасына же Ак-Суу районунун
жайытына барса );
Уй,торпок - 100 сом (+100 сом токой чарбасына же Ак-Суу районунун
жайытына барса );
Кой,эчки - 25 сом (+25 сом токой чарбасына же Ак-Суу районунун
жайытына барса ).
-Малчылардын мал багуу акылары;
Бодо малга - 700 сом;
Кой - 150 сом;
Жылкы - 700 сом;
3.Айыл чарба өсүмдүктөрдү (дан эгиндери, көп жылдык чөптөр ж.б.) мал жандыктардан коргоо максатында, айылдын тегерегиндеги мал жандыктарды 2026-жылдын 1-майынан кечиктирилбестен жакынкы жайыттарга көчүрүү, жана малчыларды 2026-жылдын 10-майынан кечиктирилбестен жайлоолорго көчүрүү жана 2026-жылдын 20-сентябрынан баштап малчылардын жайлоолордон көчүп келүүсүн көзөмөлгө алуу жагы “Биримдик” муниципалдык ишканасынын жайыт адисине милдеттендирилсин. Ошондой эле, жазгы талаачылык жумуштарын жүргүзүүдө тоскоолдуктарды жаратпаш үчүн, айдоо аянттарында жана чабыш жерлеринде 2026-жылдын 20- апрелинен баштап мал жандыктарды жаюуга тыюу салынсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага С.А.Жангабылов