Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешинин 15- сессиясы
ТОКТОМ №116
2026-жылдын “21” апрели
Каркыра айыл аймагында жергиликтүү демилгелерди колдоо жана ишке ашыруу үчүн финансылык каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин 05.09. 2019-ж. № 01- 18/84 буйруту менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелери тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобону аткарууга алуу максатында Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү демилгелери тандоо үчүн ачык сынак өткөрүлсүн.
2. Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан жактырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү 200000 (эки жүз миң) сом финансылык каражат бөлүнсүн.
3. Сынакты уюштуруу жана өткөрүү милдети Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Т Жасолбековага жүктөлсүн.
4. Финансылык каражаттарды пландаштыруу жана каржылоо Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т Черикбаевке жана социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Д Кадырбаевага тапшырылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыялангандан кийин Юстиция министирлигинин аймактык бөлүмүнө мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага С.А. Жангабылов