Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешинин 15 – сессиясы
ТОКТОМ №119
2026-жылдын “21”_апрели
Муниципалдык менчиктеги имаратты пайдаланууга берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Байзак айылынын тургуну Дж.Абитовдун арызын карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Байзак айылындагы А.Муканов атындагы мектептин эски отканасын пластик эшик, терезелерди чыгаруу үчүн цех ачууга Байзак айылынын тургуну Дж.Абитовго пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага С.А.Жангабылов