Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешинин 15 – сессиясы
ТОКТОМ №120
2026-жылдын “21” апрели
Каркыра айыл өкмөтүнүн алдындагы «Биримдик» муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата жайыттарды пайдалануу боюнча иш-планын бекитүү жөнүндө
Каркыра айылдык кеңешине сунушталган «Биримдик» муниципалдык ишканасы тарабынан 2026-жылга карата жайыттарды пайдалануу боюнча иш-планынын долбоорун карап жана талкуулап Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл өкмөтүнүн алдындагы «Биримдик» муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата жайыттарды пайдалануу боюнча иш-планы бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага С.А.Жангабылов