Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешинин 15 – сессиясы
ТОКТОМ №122
2026-жылдын “27” апрели
Каркыра айыл аймагынын 01.01.2026 жылдын башына бош калган акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө токтом кылат:
1. Лизинг аркылуу алынып жаткан манипулятор жана таштанды ташуучу
машинаны “Айыл Банк” ААКна төлөнө турчу төлөмүнө 740,1миң (жети жүз кырк миӊ бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2 . Каркыра айыл аймагынына караштуу жерлерди трансформациялоого тийиштүү иш кагаздарын даярдоого 3650,0 миң (үч миллион алты жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Башкаруу бөлүмүнө оргтехника сатып алууга 656,4 миң (алты жүз элүү алты миӊ төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнө көчөттөрдү сатып алууга жана тегерегин курчаганга 300,0 миң (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Эгембердиев орто мектебинин көмүрканасын жаны куруп бергенге 937,0 миң (тогуз жүз отуз жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Байзак айылына мал сугарганга лоток орнотконго 57,0 миң (элүү жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы финансы-экономика жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы А.Кадырбаевага милдеттендирилсин.
Төрага С.А.Жангабылов