Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешинин 15- сессиясы
ТОКТОМ №124
2026-жылдын «11» май
2026 - жылга бекитилген бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каркыра айылдык кеңеши Каркыра айыл аймагы боюнча Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каркыра айыл өкмөтүнүн «Көл-Төр» жана «Жаш-Тилек» бала-бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысы республикалык бюджеттен каржыланганына байланыштуу, 2026-жылдын бекитилген бюджетине каралган 9280,4 миң (тогуз миллион эки жүз сексен миң төрт жүз) сом акча каражаты чарбалык муктаждыктарга байланыштуу төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүү үчүн Каркыра айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы токтом кылат:
1. «Көл-Төр» бала-бакчасына чарбалык буюмдарды сатып алууга 86,0 миң
(сексен алты миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
2. «Жаш-Тилек» бала-бакчасына чарбалык буюмдарды сатып алууга 50,0 миң (элүү миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
3. Талды-Суу айылындагы контордун ички жасалгасына 100,0 миң (жүз миң) сом каражаты жылдырылсын.
4. Муниципалдык ишкананын техникалары менен жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоого күйүүчү май сатып алууга 386,0 миң (үч жүз сексен алты миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
5. Айыл аймактагы соц. объектилердин иш кагаздарын алууга жана башка ар кандай иш кагаздарга 2000,0 миң (эки миллион) сом акча каражаты жылдырылсын.
6. Айыл аймакка тийиштүү жайытты жакшыртууга 1000,0 миң (бир миллион) сом акча каражаты жылдырылсын.
7. Чоң-Таш айылына бир көпүрө орнотууга 190,0 миң (бир жүз токсон миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
8. Көчмөндөр оюнуна катышууга 200,0 миң (эки жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
9. Кең-Суу айылындагы «Ынтымак Ордо» комплексинин ачылыш аземине 100,0 миң (жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
10. Башкаруу бөлүмүнүн иш сапарлар чыгымдарына 100,0 миң (жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
11. Башкаруу бөлүмүнө эмеректерди сатып алууга 220,0 миң (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
12. Корумду айылындагы ФАПтын жылытуу системасын орнотууга 200,0 миң (эки жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
13. Коралиев үч сааттык бала бакчасына оюнчуктарды сатып алганга 21,3 миң (жыйырма бир миң үч жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.
14. Өмүр Баатыр орто мектебине видеокөзөмөл орнотууга 215,3 миң (эки жүз он беш миң үч жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.
15. Жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол жээктерине малдын жана окуучулардын макеттерин орнотконго 140,0 миң (жүз кырк миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
16. Жылуу - Булак айылынын жолдорун оңдогонго 384,7 миң (үч жүз сексен төрт миң жети жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.
17. Көөчү айылынын Басыз көчөсүнө шагыл төгүп жолду оңдогонго 350,0 миң (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
18. Корумду айылынын көпүрөлөрүн оңдогонго 200,0 миң (эки жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
19. Талды-Суу айылынын туура көчөлөрүн оңдогонго 500,0 миң (беш жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
20. Эгембердиев орто мектебине теннисный стол сатып алганга 20,0 миң (жыйырма миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
21. Талды-Суу айылындагы контордун жылытуу системасын алмаштырганга 1387,1 миң (бир миллион үч жүз сексен жети миң бир жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.
22. «Керемет» бала-бакчасына балдар ойноочу аянтча орнотууга 500,0 миң (беш жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
23. «Керемет» бала-бакчасына тамак бышырган меш сатып алганга 150,0 миң (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
24. Спорттук иш чараларды өткөргөнгө 300,0 миң (үч жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
25. Ичке-Суу айылынын жолдорун оңдогонго 341,0 миң (үч жүз кырк бир миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
26. Ичке-Суу айылындагы «Наристе» ваучерлик бала бакчасынын тамак ашына 139,0 миң (бир жүз отуз тогуз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
27. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына, аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага С.А. Жангабылов