Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешини 16- сессиясы
ТОКТОМ №125
2026-жылдын “26” майы
Каркыра айыл аймагы боюнча таза суу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айылдардын шартына жараша таза суунун тарифтерин оптималдаштыруу, муниципалдык ишкананын суу менен камсыздоо системасын туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын талабын толук канааттандыруу максатында Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каркыра айыл аймагы боюнча таза сууну пайдалануу акылары эсептегичи бар кожолуктарга 1 кубка 30(отуз) сомдон ,эсептегичи жок кожолуктарга бир адамга 50(элүү) сомдон бекитилсин.
2. “Биримдик” муниципалдык ишканасына суу түтүктөрүнө көзөмөлдү күчөтүү, калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууу жана ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А.Жангабылов