Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешини 16- сессиясы
ТОКТОМ №129
2026-жылдын “10” июну
Максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып,Каркыра айылдык кеңешинин 16 сессиясы токтом кылат:
1. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын Каркыра айыл аймагына караштуу Сары-Тологой айылынын Бошкоев көчөсүндөгү №59а даректе жайгашкан жер участогунун үй куруу максаттык багытынан мечит куруу максаттуу багытына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каркыра айылдык кеңешинин жер жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А.Жангабылов