Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX – чакырылыштагы Каркыра айылдык кеӊешинин 16- сессиясы
ТОКТОМ № 131
2026-жылдын “7” июлу
Каркыра айыл аймагына караштуу “Түп -1” жана “Түп-2” каналын Түп райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №504 буйругуна ылайык ,ошондой эле Түп райондук суу чарба башкармалыгынын кайрылуусун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каркыра айыл аймагына караштуу Сары-Тологой айылынын ичи менен өткөн “Түп-1” узундугу 3,5 км ички каналын жана Кең-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы “Түп-2” узундугу 3,0 км ички каналын Суу ресустары кызматынын Түп райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага С.А.Жангабылов