Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 05-октябры №149
Каркыра айыл аймагына караштуу Талды-Суу жана Ичке-Суу
айылдарынын башкы планын кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктуна, 34-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба Министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан, Түп районуна караштуу Талды-Суу жана Ичке-Суу айылдарынын башкы пландарын, 2026-жылдын 19-июнунда Түп райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаар куруу кеңешинин жыйынтыгынын жана коомдук угуунун сунуштарын эске алуу менен төмөнкү айылдардын башкы пландарын бекитүү чечимин Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу, Ичке-Суу айылдарынын башкы пландары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарлышын Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Т. Черикбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областы боюнча Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин «Айыл чарбасы, жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А. Жангабылов