Загрузка документа…
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 05-октябры №150
Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
3- сентябрындагы № 309 Жарлыгына негизделип, кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо, координациялоо жана уюштуруу боюнча маселелерди талкуулап Каркыра айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Каркыра айыл аймагы боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областы боюнча Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин “Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А. Жангабылов
Тиркеме №1
Каркыра айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Жумушчу топтун төрагасы: Жангабылов С.А. - Каркыра айылдык кеңештин төрагасы
Мүчөлөрү:
Ичке-Суу айылы боюнча- Алиева Э. -айылдык кеңештин депутаты;
Алиев Б.- айыл башчысы;
Талды-Суу айылы боюнча- Дүйшөмбиева Н.- айылдык кеңештин депутаты;
Замирбеков Ы.-айылдык кеңештин депутаты;
Кубанычбек у. Садырбек мал чарбасы;
ветеринария жана жайыт адиси;
Көөчү айылы боюнча- Абдылда у. Таалайбек -айылдык кеңештин депутаты;
Исаков Э.- айыл башчысы;
Корумду айылы боюнча- Кыдыралиев К.-айылдык кеңештин депутаты;
Карабеков Д.-айыл башчысы;
Чоң-Таш айылы боюнча- Джапаев А.- айылдык кеңештин депутаты;
Асаналиев Н. -айыл башчысы;
Жылуу-Булак айылы
боюнча- Күздөбаева Ч.-айылдык кеңештин депутаты;
Амандыков Н.-айыл башчысы;
Байзак айылы боюнча- Кусеинов М.-айылдык кеңештин депутаты;
Муканов Д. -айыл башчысы;
Кең-Суу айылы боюнча- Илипаева А.- айылдык кеңештин депутаты;
Букаров Н.- айыл башчысы;
Сары-Тологой айылы
боюнча- Абдукеримов Д.- айылдык кеңештин депутаты;
Абдукеримов Р. - айыл башчысы;
Сан-Таш айылы боюнча- Нуракунов М.-айыл башчысы;
Каркыра айылы боюнча- Түлөбердиев К. -айыл башчысы.
Тиркеме №2
Каркыра айыл аймагы боюнча жарандардын жыйындарын
өткөрүүнүн графиги
№ | Айылдар | квота | Өтүүчү жери күнү | Күнү | Убактысы |
1 | Сан-Таш | 2 | Мектеп | 11-октябрь 2026жыл | Саат 15:00 |
2 | Каркыра | 2 | Мектеп | 11-октябрь 2026жыл | Саат 13:00 |
3 | Сары-Тологой | 7 | Мектеп | 11-октябрь 2026жыл | Саат 10:00 |
4 | Кең-Суу | 13 | Мектеп | 10-октябрь 2026жыл | Саат 15:00 |
5 | Байзак | 10 | Мектеп | 10-октябрь 2026жыл | Саат 13:00 |
6 | Жылуу-Булак | 10 | Мектеп | 10-октябрь 2026жыл | Саат 10:00 |
7 | Чоң-Таш | 7 | Мектеп | 9-октябрь 2026жыл | Саат 15:00 |
8 | Корумду | 11 | Клуб | 9-октябрь 2026жыл | Саат 13:00 |
9 | Көөчү | 11 | Клуб | 9-октябрь 2026жыл | Саат 10:00 |
10 | Талды-Суу | 20 | Маданият үйү | 8-октябрь 2026жыл | Саат 14:00 |
11 | Ичке-Суу | 7 | клуб | 8-октябрь 2026жыл | Саат 10:00 |