КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын _______________ №_____
Каркыра айыл аймагына караштуу “Түп-1” жана “Түп -2” каналын Түп райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Каркыра айылдык кеңешинин 2026-жылдын
07-июлундагы №131 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №504 буйругуна ылайык, ошондой эле Түп райондук суу чарба башкармалыгынын кайрылуусун карап чыгып, Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагына караштуу Сары-Тологой айылынын ичи менен өткөн “Түп-1” узундугу 3,5 км ички каналын, Кең-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы “Түп-2” узундугу 3,0 км ички каналын жана Лесхоз 3.799 км ички каналын Суу ресурстары кызматынын Түп райондук суу чарба башкарлыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарлышынкөзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага С.А.Жангабылов