Редакцияот 21.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Каркыра  айыл аймагынын айылдык кеңешинин

ТОКТОМУ

2026-жылдын  __________________ №_____                        

 

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө

 

Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн  арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик адинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Бюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын

5-сентябрындагы №01-18/84 “Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу” Буйругунун негизинде Каркыра айыл аймагында биргелешкен мониторинг жана баалоо иштерин уюштуруп жүргүзүү максатында:

1.            Каркыра айыл аймагынын биргелешкен  мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн:

2.            .Исаева Т.А-Байзак айылынын  китепкана башчысы, комиссияны төрайымы;

3.            Сатыбалдиева А.С.- жетектөөчү адис;

4.            Куздобаева Ч.С. - айылдык кеңештин депутаты;

5.            Ордобаева Р.М - айылдык кеңештин депутаты;

6.            Амангелдиева Г.А.-АДКнин жетекчиси аялдар кеңешинин төрайымы;

 

7.            Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү  ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.

8.            Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине жиберилсин.

9.            Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү  Жобого ылайык айыл аймак чегинде аткарылып жаткан иштерге байкоо жүргүзүлүп, баа берүү жагы тапшырылсын.

10.         Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                             С.А.Жангабылов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин

2024-жылдын «                         » -   »

№        буйругу менен БЕКИТИЛДИ

Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө

Типтүү жобо

                                                                                                            I.                     Жалпы жоболор

1                     Ушул Типтүү жобо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү жамааттын Типтүү уставына ылайык иштелип чыгып, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.

2                     Биргелешкен мониторинг жана баалоо дегенде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу мониторинг жана баалоо (мындан ары – МжБ) объекттеринин ишинин жыйынтыктарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессин түшүнүш керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун (мындан ары – БМжБ) уюштуруучулары болуп саналат.

БМжБны жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлгөн, жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн камтыган топ жүргүзөт.

БМжБ маалыматтык-телекоммуникациялык системаларды жана технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен ачык жүргүзүлөт.

3                     ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине системалуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.

ЖӨБ органдарынын ишин баалоо – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин жыйынтыктарын туруктуу негизде же бир жолку баалоо.

                                                                                                          II.                        Биргелешкен мониторинг жана баалоонун максаттары жана

милдеттери

4                     Жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча маалыматтарды системалуу негизде чогултуунун жана талдоонун негизинде ЖӨБ органдарынын натыйжалуу жүйөлүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна көмөктөшүү БМжБнын максаты болуп саналат.

5                     БМжБнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

5.1                          жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ж.б. ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу;

5.2                          жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу;

5.3                          жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата жарандардын жана алардын бирикмелеринин коомдук пикиринин, сунуштарынын жана сунуштамаларынын эсепке алынышын камсыз кылуу;

5.4                          ЖӨБ органдарын сапаттуу, калыс, туура мониторингдик маалымат менен төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылуу: социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, биргелешкен иш-аракеттердин пландарын жана гендердик саясатты, айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программалары жана пландары) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды аныктоо, талдоо жана баалоо; аныкталган четтөөлөрдү жоюу боюнча чараларды андан ары аныктоо жана ишке ашыруу, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруу ыргагын көзөмөлдөө; ЖӨБ органдарына иштин кемчиликтери, мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине калктын канааттанбагандыгы жөнүндө маалымдоо, ошол кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү; аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштар боюнча БМжБнын жыйынтыктары боюнча сунуштамаларды даярдоо.

5.5                          жарандарды БМжБ топторунун ишине тартуу аркылуу ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө калкка маалымдоону жогорулатуу.