КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
2026-жылдын __________________ №_______
Каркыра айыл аймагынын 2026-жылдын жергиликтүү
бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каркыра айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы, жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамаат мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында, айыл өкмөтү жергиликтүү демилгелерди тандоо жана аларды ишке ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө бекитилген Жобонун алкагында сынак өткөргөн.
Сынактын жыйынтыгында «Байзак айылдык китепканасынын базасында электрондук китепкана уюштуруу, материалдык базасын чыңдоо» долбоору жеңүүчү деп табылып, Өнүктүрүү саясат институтунан дем берүү иретинде 82000 (сексен эки миң) сом өлчөмүндө кошумча каржылоого ээ болгон. Ушуга байланыштуу, сессияны угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1.Өнүктүрүү саясаты институту менен гранттык макулдашууну түзүүнүн жана гранттык долбоорду ишке ашыруу максатында биргелешип каржылоо (дем берүүчү) катары берилген гранттын суммасы 82000 (сексен эки миң) сом Каркыра айыл аймагынын 2026-жылдын жергиликтуу бюджетине киреше бөлүгү 82 000 (сексен эки миң) сомго, чыгаша бөлүгү 82 000 (сексен эки миң) сомго өзгөртүлүп, максаттуу пайдалансын.
2.Ушул токтомдун негизинде Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы А.Кадырбаевага жүктөлсүн
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин «Бюджет жана финансы” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А. Жангабылов