Редакцияот 05.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 5-октябры № 113

"Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобонун 29-пунктунун 2-пунктчасындагы “экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча” деген сөздөр “экономика, бюджет жана финансы боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобонун 29-пунктунун 2-пунктчасындагы “тышкы жана ички инвестициялар чөйрөсүндөгү маселелерди карайт” деген абзац алынып салынсын;

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 15-октябрында https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6603-113-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-turuktuu-komissiyalary-zh-n-nd-zhobonu-bekit-tuuraluu-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2020-zhyldyn-2-dekabryndagy-163-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Б. Усеналиев