Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-сентябры №36/XII-29
Кочкорбаев айыл өкмөтүнө караштуу Д.Курманалиев
айылында жайгашкан суу сактагыч бассейинин Ысык-Ата
райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун 1.п ылайык жана Кочкорбаев муниципалдык ишкананын орун басары С.Адиковдун “Кочкорбаев айыл өкмөтүнө караштуу Д.Курманалиев айылында жайгашкан суу сактагыч бассейинин Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнө караштуу Д.Курманалиев айылында жайгашкан суу сактагыч бассейини Кочкорбаев муниципалдык ишкананын балансынан алып, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин.
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |