БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-октябры № 115
“Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кызматынан бошотулсун:
1) Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Токтосунова Нурзат Темирболотовна;
2) Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Насиралиев Эржан Алтымышович;
3) Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахтияров Эркин Бахтиярович;
4) Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Иманказыев Нурумбет Иманказыевич;
5) Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Токтогулов Максат Сарылбекович.
2. Бекитилсин:
1) Алымбаева Элизавета Бердиевна – Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2) Иманказыев Нурумбет Иманказыевич – Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
3) Исмаилов Арафат Сайдахматович – Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
4) Солтонов Ренат Сартбекович – Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
5) Мамырканов Бекзат Тынчылыкович – Бишкек шаардык кеңешинин инвестиция, инновация, туризм, тышкы экономикалык кызматташтык жана тышкы байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
6) Халилова Гульназ Мажитовна – Бишкек шаардык кеңешинин инвестиция, инновация, туризм, тышкы экономикалык кызматташтык жана тышкы байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
7) Токтосунова Нурзат Темирболотовна – Бишкек шаардык кеңешинин инвестиция, инновация, туризм, тышкы экономикалык кызматташтык жана тышкы байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары.
3. Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы «2. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия:» деген сөздөр «2. Экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия:» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-пунктундагы “Токтосунова Нурзат Темирболотовна” деген сөздөр “Алымбаева Элизавета Бердиевна” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-пунктундагы “Насиралиев Эржан Алтымышович” деген сөздөр “Иманказыев Нурумбет Иманказыевич” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-пунктундагы “Бахтияров Эркин Бахтиярович” деген сөздөр “Исмаилов Арафат Сайдахматович” деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-пунктундагы “төраганын орун басары – Иманказыев Нурумбет Иманказыевич” деген сөздөр алынып салынсын;
6) 7-пунктундагы “Токтогулов Максат Сарылбекович” деген сөздөр “Солтонов Ренат Сартбекович” деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
“8. Инвестиция, инновация, туризм, тышкы экономикалык кызматташтык жана тышкы байланыштар боюнча туруктуу комиссия:
төрага – Мамырканов Бекзат Тынчылыкович;
төраганын орун басары – Халилова Гульназ Мажитовна;
төраганын орун басары – Токтосунова Нурзат Темирболотовна.”.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 15-октябрында https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6605-115-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-xxix-chakyrylyshynyn-turuktuu-komissiyalarynyn-t-ragalaryn-zhana-t-ragalarynyn-orun-basarlaryn-bekit-zh-n-nd-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2024-zhyldyn-23-dekabryndagy-7-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды