Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-сентябры №38/XII-29
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиянын резервине
талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
2011-жылдын 30 июнундагы №62 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 “”Кыргыз Республикасыныншайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамына ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Абирова Айжан Саатбековна, Койчукеева Анара Базарбековна жана Асанова Бермет Жумабековна көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтом Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетовго жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |