Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакыруу №1 сессиялык отурум
2026-жылдын 29-январы № 3/1
Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11- августундагы “Билим берүү жөнүндө” № 179-Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 4-пунктчасына жана 6 пунктуна жана “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Жайыл айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. 2026-жылга Жайыл айыл аймагынын бала-бакчалырынын тамактануусуна ата-энелердин төлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин :
- Алексеевка айылындагы “Колосок” мектепке чейинки билим берүү уюму күнүнө 105 (жүз беш) сом;
- Жайыл айылындагы “Жайыл -Ата” мектепке чейинки билим берүү уюму күнүнө 110 (жүз он) сом;
- Калдык айылындагы “Наристе-Калдык” мектепке чейинки билим берүү уюму күнүнө 105 (жүз беш) сом.
2. Бала бакчанын директорлору бул токтомду аткарууга кабыл алып, ата-энелерге билдирүүгө милдеттүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага жүктөлсүн.
2026-жылдын 10-августунда https://zhaiyl.gov.kg/kg/post-3-1-ot-29-01-2026-ob-usloviyah-roditelskoj-oplaty-v-detskih-sadah/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |