Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-июну № 10
Алексеевка жана Жайыл айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу жөнүндө
Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Алексеевка жана Жайыл айылдарынын курулушун жөнгө салуу, инфраструктурасын өнүктүрүү жана калктын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамына жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык , Жайыл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Алексеевка жана Жайыл айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгууну (же кайра карап чыгууну) демилгелөө.
2. Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаева:
1. Айылдардын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн эске алуу менен долбоорлоонун техникалык шарттары иштелип чыксын жана бекитилсин.
2. Долбоорлоо-изилдөө иштерине каражат бөлүүнү камсыз кылуу.
3. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 7 141,4 (жети миллион бир жүз кырк бир миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү каражатты 70629-бөлүмгө, 22154900-беренеге (башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө байланыштуу чыгашалар) жумшалсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан заказчы катары чыгуу жана долбоорлоо уюмун тандоо боюнча конкурс (тендер) өткөрүү.
4. Райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнө тендерди өткөрүүгө, баштапкы маалыматтарды даярдоо жана даяр долбоорду бекитүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2026-жылдын 10-августунда https://zhaiyl.gov.kg/kg/toktom-10-2026-zh-4-iyunu-alekseevka-zhana-zhajyl-ajyldarynyn-bashky-plandaryn-ishtep-chyguu-zh-n-nd/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |