Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-октябры № 709
Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук
бюросу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча Кылмыш полициясы эл аралык уюмуна (Интерпол) мүчө болгон чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросунун штаттык саны 8 бирдик өлчөмүндө, анын ичинде 7 бирдик – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин штаттык санынын эсебинен жана 1 бирдик – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин штаттык санынын эсебинен белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кылмыш полициясы эл аралык уюмуна (Интерпол) Кыргыз Республикасынын мүчөлүк акыларын төлөө менен байланышкан чыгымдарды белгиленген тартипте каржылоону камсыз кылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросун түзүү жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 260 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 311 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |