Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 21-октябры № 354
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт, 3-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-октябрындагы № 80 (3840) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |