Редакцияот 21.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 

 

2026-жылдын 21-октябры№ 713

Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясынын түшкөн каражаттарынан республикалык бюджетке чегерүүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө

«Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын техникалык ишке киргизүү мезгилине жана толук иштеп баштаганга чейин өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясынын түшкөн каражаттарынан республикалык бюджетке чегерүүнүн өлчөмү 0,03 пайыз деңгээлинде белгиленсин.

2.  Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясына республикалык бюджетке чегерүүлөрдү эсептөө жана төлөө тартибин аныктоочу тиешелүү актыларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда чегерүүнүн белгиленген өлчөмүн эске алуу сунушталсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев