Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 1-9-31
Кемин шаарынын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга Кемин шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы жөнүндө отчет
Кемин шаарынын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга Кемин шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн планы боюнча Кемин шаарынын мэринин отчетун угуп. Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын талкуусунан жана пикир алмашуусунан кийин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиев тарабынан сунушталган Кемин шаарынын мэриясынын бюджетинин аткарылышы жана Кемин шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жөнүндө отчету эске алынсын.
2. Кемин шаарынын 2025-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча отчету 101 348,6 миң сом кирешелер боюнча бекитилсин, анын ичинен өзгөчө эсеп 9284,2 миң сом, бюджеттик каражаттар 92064,4 миң сомду түзөт.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
2026-жылдын 23-сентябрында https://gagsmsu.kg/wphttps://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2.pdf-расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |